Кыргызстандын Ош, Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир муниципалитеттеринин тургундары 2019-ж. бюджет долбоорлорун талкуулашат

Кыргызстандын Ош, Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир муниципалитеттеринин тургундары 2019-ж. бюджет долбоорлорун талкуулашат

Жергиликтүү бюджеттердин 2019-жылга карата түзүлгөн долбоорлорун талкуулоо иш-чаралары аталган үч облустун жергиликтүү тургундарынын катышуусу менен өтө турган коомдук угуулардын формасында өтөт.

Мындай демилге көтөрүп чыккан айылдык аймактардын жергиликтүү ө залдынча башкаруу органдарын колдоо максатында, 2018-жылдын 28-майынан 15-июнуна чейинки аралыкта Ош, Нарын жана Чүй облустарында коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча атайын тренингдер өткөрүлүүдө. 

Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги  (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту 2011-жылдан бери аткарып келе жаткан "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору КР Финансы министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүлүп жаткан бул тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар "Коомдук угуулар ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун аспабы катары” деген тема менен таанышып чыгышат.

Бүгүнкү чейин аталган тренингдер Ош жана Нарын облустарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлүп бүтүп, азыркы учурда иш-чаралар Чүй облусунун ЖӨБ адистери үчүн өткөрүлүүдө.

Тренингдердин натыйжасында катышуучулар 2019-жылдын бюджеттеринин долбоорлорун талкуулоого арналган коомдук угуулардын графигин түзүп, аларга ылайык өткөрүү мөөнөттөрү 2018-жылдын июнь-июль айларына белгилениши шарт. 

Тренингдердин катышуучуларына жардам катары Долбоор КӨМӨКЧҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

КООМДУК УГУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КӨМӨКЧҮ МАТЕРИАЛДАР