Кыргызстандын ЖӨБ мыкты тажрыйбаларынын Порталынын расмий бет ачары өткөрүлүүдө
                Бул максатта өлкөнүн жети облусунда жалпысынан 15 жолугушуу өткөрүлөт.
Иш-чаралар 2020-жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейинки аралыкта өткөрүлөт.
Бул жолугушуулардын максаттары төмөнкүдөй:
- ЖӨБ органдарына ЖӨБ мыкты тажрыйбалар электрондук ресурсунун Порталын тартуулоо
 - “Санарип аймакты” жайылтуу
 - Жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыгына тиешеси бар ЧУА долбоорлорун макулдашуу процессин тартуулоо
 - ЖӨБ органдарына бюджет боюнча сунуштарды тартуулоо (бюджеттер аралык мамилелер)
 
Иш-чаранын уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу,
 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги (ЖӨБЭММА),
 - Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” жана "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорлору
 - Өнүктүрүү саясат институту
 
Иш-чарага каржылык колдоо көрсөткөн тараптар:
- Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан аткарылган «Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору
 - Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана Хельветас Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору
 - Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору
 
Жер-жерлерде өткөрүлүүчү жолугушуулар тууралуу толук маалыматка шилтеме: http://myktyaimak.gov.kg/events
