Нарын облусунун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коомдук мониторинг боюнча тренингден өтүшөт

“Коомдук мониторинг жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” темасында тренингдер үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Нарын шаарында өтөт.

Темасы: “Коомдук мониторинг жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси”

Күнү: 15.02.2018

Сааты:09.30 – 17.00

Максаты: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айкындуулук жана отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптары жөнүндө маалымдоо жана коомдук мониторинг жаатында коомдук уюмдардын дараметин күчтөндүрүү

Катышуучулар: жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү

Уюштуруучу:  Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору1 “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ менен өнөктөштүктө

Кошумча: 

 

-------------------

1 Долбоор калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартуу, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог куруу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына дагы да жакшы жооп бере алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу максатын көздөйт.

Версия для печати: print

Март 2024

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31