“Жергиликтүү демилге 2018” сынагы

Мисал же мисалдар сүрөттөлгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 720001, Бишкек ш., Үмөталиев көч. 108. дареги боюнча 2018-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин жиберишиңиз керек.

Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ 2018”
сынагын жарыялайт!

Сынакты өткөрүүнүн максаты:

  • калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо,
  • Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

Сынакты өткөрүү тартиби: Ош жана Нарын облустарындагы жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

Бул сынактын алкагында жергиликтүү демилге катары жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көтөрүп ишке ашырууда коомчулукка пайда келтирген; улантууну же болбосо муниципалитетте кайталоону талап кылган жана КМнин башка айылдарында колдонула турган  иш чаралар, механизмдер же методдор эсептелет. Ашар жолу менен чечилген жергиликтүү маанидеги маселе же бир жолку иш-чара эмес, өнүгүүгө багытталган демилгелерге артыкчылык берилет.

Мисал же мисалдар сүрөттөлгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 720001, Бишкек ш., Үмөталиев көч. 108. дареги боюнча 2018-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин жиберишиңиз керек.

 СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА ӨТҮНМӨ ФОРМАСЫ

Сынактын жалпы байге фонду 700 000 сомдун тегерегинде болот. Байге фонду үчүн каражатты Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) бөлүп берди.

Кошумча маалымат алуу үчүн Айнура Балакунова жана Анара Мусаевага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abalakunova@dpi.kg, amusaeva@dpi.kg электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.

Версия для печати: print

Иш-чаралар