ДОЛБООРДУН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИ

III фаза 

Максаты:

Муниципалдык сектордун туруктуу, институтташтырылган потенциалын жогорулатуу системаларына басым жасоо менен мурунку жыйынтыктарды консолидациялоо жана II фазанын жыйынтыгы боюнча гендердик чөйрөнү эске алуу менен бюджеттештирүүгө артыкчылык берүү менен укуктук, саясий жана ченемдик чөйрөнү андан ары чыңдоо.

  • Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.

II фаза 

Максаты:

  • ЖӨБ органдары жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкара башташат.

Долбоордун ишиндеги негизги багыттар

  • Жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана алардын артыкчылыктарын эсепке алуу
  • ЖӨБ органдарынын жарандардын керектөөлөрүнө жооп кайтаруу жөндөмүн күчтөндүрүү
  • Жамааттардын жана БӨУнун жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү
  • Гранттык программа инвестициялык машыктыргыч катары
  • ЖӨБдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын колдоо

Кошумча маалымат

I фаза 

Максаты: 

  • Жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу багыттоосун камсыздоо.  

Күтүлүүчү натыйжалар жана багыттар:

Жергиликтүү жамааттарга алардын жергиликтүү кызматтарды башкарууга катышуусун күчөтүүгө көмөктөшүү

  • ЖӨБ органдарынын өзгөчө жергиликтүү бюджетти жана ресурстарды башкаруу чөйрөсүндө жамаат алдында жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы акттарга өзгөрүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү. Жергиликтүү жамаатка бюджеттик процесске жана жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга жол ачкан реалдуу механизмдерди киргизүү.
  • Жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышууга жардам берген долбоорлорду колдоо (сынак бардык кызыкдар жактарга сынактык негизде өткөрүлөт).
  • Жергиликтүү маанидеги кызматтарды көрсөтүү деңгээлин жарандардын баалай алуу системасын киргизүү.

ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү калктын керектөөлөрүнө жооп бериши үчүн аларды күчөтүү

  • ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы маалыматтык алмашууну күчөтүү; бюджеттик маалыматты ачыктоого арналган иш-чараларга колдоо көрсөтүү.
  • ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин муниципалдык башкаруу тармагындагы билим деңгээлин жогорулатуу (окутуу).
  • Өлкө ичинде сапарларды уюштуруу аркылуу ЖӨБ органдары менен жамааттардын ортосундагы тажрыйба алмашууну уюштуруу, “Муниципалитет” журналын таратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң мыкты практикасы боюнча конференцияларды өткөрүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө жакшыртылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана киргизүүгө көмөктөшүү 

  • ЖӨБ чөйрөсүндө мыйзамдарды реформалоодо КР Жогорку Кеңештин аракеттерин колдоо; КР Өкмөтүнө административдик реформаны ишке ашырууга, анын ичинде ЖӨБ иш сапатын баалоо системасын киргизүүгө көмөктөшүү.
  • Дотациядагы элеттик муниципалитеттердин санын азайтуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин кирешесин натыйжалуу түзүү боюнча Каржы министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип иштешүү; төлөмдөрдү чогултуу жана жергиликтүү салыктарды администрациялоо механизмдерин жакшыртуу.
  • Жергиликтүү бюджеттерди башкарууну автоматташтыруу боюнча Каржы министрлиги менен биргелешип иштешүү.
  • Муниципалдык каржыны башкаруу чөйрөсүндө аналитикалык ишти жүргүзүү үчүн маалымат базасын түзүү.
  • Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды так аныктоо жана каржылоо чөйрөсүндө мамлекеттин аракеттерине көмөктөшүү.
  • Муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде ЖӨБ органдарынын каржы жагында иштеген кызматкерлердин жана туруктуу негизде иштеген жана эмгек акы системасына “байланган” жергиликтүү кеңештин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңы системаны киргизүү.

Толук маалымат

Версия для печати: print

Иш-чаралар