"2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы

Сынак тууралуу Жобо жана табыштама формасы ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын "ЖӨБгө жардам" бөлүмүндө жайгашкан.

 

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУ (мындан ары – Долбоор) КРдин Экономика жана финансы министрлиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте

“2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагын жарыялайт

ЖҮКТӨП АЛУУ: СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА ТАБЫШТАМА  ФОРМАСЫ

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулукту жогорулатуу менен жарандардын жашоо шарттарын жеринде жакшыртуу.

Сынакты өткөрүүдөгү негизги маалымат аянтчасы: ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы: www.myktyaimak.gov.kg 

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ ЖӨБ МЫКТЫ ТАЖРЫЙБАЛАР ПОРТАЛЫНДА ДА ЖЕТКИЛИКТҮҮ: http://myktyaimak.gov.kg/investment-projects/investment-project?id=3  

Конкурстун негизги максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу сакталышына көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • калктын реалдуу керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджетти пландоодо, түзүүдө жана жергиликтүү бюджеттин ресурстарын натыйжалуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөндөмдөрүн колдоо;
  • шаарлардын/айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди пландоодо жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендерик-сезимтал иш аракеттерин түзүүгө көмөктөшүү;
  • IT технологияларын колдонуу аркылуу ЖӨБ органдары тарабынан калкты маалымдоо үчүн инновациялык инструменттерди колдонууга үндөө|чакыруу

Тапшырык берүүчүлөр

Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Конкурстун катышуучулары болуп саналат. Алар 2021-жылдын июнь жана июль айларынын аралыгында 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери

Тапшырыктар анын сапатынын негизине жана тиркелген материалдардын мазмунуна жараша бааланмакчы. Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат. Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт. Комиссия өз чечимин каржылоочу уюм менен макулдашууга тийиш.

Конкурстун жалпы байге фонду – 3 200 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 300 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • II орун – 250 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • III орун – 200 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • Гендердик сезимталдуулукка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн атайын байге - 270 000 сомго чейин;
  • Ошондой эле 55 000 сом өлчөмүнө чейин шыктандыруучу байгелер.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2021-жылдын 15-августунан 1-сентябрына чейинки мезгилде бериш керек. Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төмөнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Шевченко көч., 114, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарекке кат жазыңыз: AMamytov@dpi.kg 

Конкурска катышуунун тартиби

15-30-апрель айынын аралыгында Конкурстун маалымат аянтчасы болгон ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) сынакка катышууга табыштамаларды толтуруу, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча онлайн семинарлар өтөт.

Семинарларды уюштуруучулар – Долбоордун колдоосу менен ЖӨБ Союзу.

Семинарлардын ырааттамасы жөнүндө маалымат күн мурунтадан жарыяланат жана ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында жайгаштырылат: http://myktyaimak.gov.kg/trainings   

Порталдагы жаңылыктар менен таанышып туруңуз: www.myktyaimak.gov.kg  

Версия для печати: print

Иш-чаралар