Долбоор “2019-жылдын бюджетин түзүүдѳ жарандардын реалдуу катышуусу” сынагын жарыялайт!

Сынактын катышуучулары болуп Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2018-жылдын 25-августуна чейинки мезгил аралыгында 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү. 

Сынактын негизги максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу кармануусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • ЖӨБ органдарынын бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу тажрыйбасын жана ниетин колдоо;
  • айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА

Тапшырык берүүчүлөр.  Сынактын катышуучулары болуп Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2018-жылдын 25-августуна чейинки мезгил аралыгында 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери. Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир муниципалитетте жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы.

Байгелер. Сынактын жалпы байге фонду – 400 000 сомдун тегереги. Байге фонду Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 80 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 30 000 сом өлчөмүнө чейин.

Байге каражаттары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Жабдуулар тѳмѳндѳгүдѳй болушу мүмкүн:

  • Компьютердик жабдыктар; компьютерлер, принтерлер, интернетке кошулуу үчүн USB модемдер, цифралык фотоаппараттр, проекторлор, проекторлор үчүн экрандар;
  • Коомчулукту маалымдоо системалары: микрофондор, колонкалар, рупорлор,үндү күчөткүчтөр;
  • Коомдук иш-чараларды өткөрүүгө эмеректер: отургучтар, креслолор, столдор;
  • Мектептерге спорттук инвентарлар: спорттук формалар, топтор, сеткалар;
  • Музыкалык шаймандар: комуздар, гитаралар, аккардеондар, синтезаторлор;
  • Бала-бакчага китептер, оюнчуктар.

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун адиси Азамат Мамытовго төмѳнкү дарек боюнча 2018-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Умөталиев көч., 108, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарек AMamytov@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар