“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу 2018” сынагы

Мисал же мисалдар сүрөттөлгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 720001, Бишкек ш., Үмөталиев көч.108 дареги боюнча 2018-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин жиберишиңиз керек.

Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору

“ЖАРАНДАРДЫ БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССКЕ ТАРТУУДА ЖАРАНДЫК КООМ УЮМДАРЫНЫН (БӨУ) РОЛУ”
сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты: жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү.

Сынакты өткөрүү тартиби

Сынакка жарандык коом уюмдары катары катталып, Ош жана Нарын облустарында иштеп жаткан уюмдар катыша алат. Алар Өнүктүрүү саясат институтуна бюджеттик маалыматты ачыктоо жана жарандарды бюджетти талкуулоого жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча өзгөчө натыйжалуу жана эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөгөн табыштама бериши керек. Иш-чара 2017 – 2018 - жылдардын аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр, же бюджети иш-чарада каралган жергиликтүү мекемелер менен өнөктөштүктө уюштурулуп, өткөрүлүш керек.

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Мисал же мисалдар сүрөттөлгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 720001, Бишкек ш., Үмөталиев көч.108 дареги боюнча 2018-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейин жиберишиңиз керек.

Тандоо критерийлери

Бардык табыштамалар мазмуну жана тууралыгы жагынан тандоонун төмөнкү критерийлеринин негизинде таризделгенине жараша бааланат:

Сынактын жалпы байге фонду 220 000 сомдун тегерегинде болот. Байге фонду үчүн каражатты Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) бөлүп берди.

Кошумча маалымат алуу үчүн Долбоордун адистери Айнура Балакунова жана Анара Мусаевага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abalakunova@dpi.kg,  amusaeva@dpi.kg электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.

Версия для печати: print

Иш-чаралар