“2020-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТҮЗҮҮДӨ ЖАРАНДАРДЫН РЕАЛДУУ КАТЫШУУСУ” СЫНАГЫ

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Сынактын максаты

Сынактын негизги максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу кармануусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • ЖӨБ органдарынын бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу тажрыйбасын жана ниетин колдоо;
  • айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди пландоодо жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендерик-сезимтал иш аракеттерин түзүүгө көмөктөшүү

Тапшырык берүүчүлөр: Сынактын катышуучулары болуп Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айыл өкмөттөрү, ошондой эле Кемин шаарынын мэриясы эсептелет. Алар 2019-жылдын июнь жана июль айларынын аралыгына 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери: Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир муниципалитетте жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы.

Байгелер. Сынактын жалпы байге фонду – 900 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 150 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 120 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 35 000 сом өлчөмүнө чейин.

Байге каражаттары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Жабдуулар тѳмѳндѳгүдѳй болушу мүмкүн:

  • Компьютердик жабдыктар; компьютерлер, принтерлер, интернетке кошулуу үчүн USB модемдер, цифралык фотоаппараттр, проекторлор, проекторлор үчүн экрандар;
  • Коомчулукту маалымдоо системалары: микрофондор, колонкалар, рупорлор, үн күчөткүчтөр;
  • Коомдук иш-чараларды өткөрүүгө эмеректер: отургучтар, креслолор, столдор;
  • Мектептерге спорттук инвентарлар: спорттук формалар, топтор, сеткалар;
  • Музыкалык шаймандар: комуздар, гитаралар, аккардеондар, синтезаторлор;
  • Бала-бакчага китептер, оюнчуктар.

Сынактык комиссия: Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү: Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде бериш керек. Табыштамаларды Долбоорунун адиси Азамат Мамытовго төмѳнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарек AMamytov@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар