• Эсеп палатасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2014-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн дем берүү гранттардын бөлүштүрүлүшүн жана колдонулушун текшерди. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги аудиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын тышкы адистери 2014-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна анализ жасашкан. 2015-жылы дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү принциптери жана механизмдери олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгондуктан бул анализ өзгөчө актуалдуу болду. Бардык эле ЖӨБ органдарына кандай өзгөрүүлөр киргизилгени жана эмне үчүн аларды киргизүү зарыл болгону көп жакшы түшүнүктүү болбой турат. Буга байланыштуу “Муниципалитет” журналы ӨСИнин эксперти жана КР Эсеп палатасынын тышкы адиси Назира ТЮЛЮНДИЕВА даярдаган аналитикалык документти сунуштайт. Толук окуу…
  • Ишенимге негизделген диалог коррупцияга тоскоол болот жана жергиликтүү бюджеттерди башкарууну жакшыртат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы өзүнүн регионалдык бөлүмдөрүндө Коррупцияга каршы туруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, башкы бухгалтерлер, бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен ишенимге негизделген диалогдорду уюштурууну улантууда. Толук окуу...
Версия для печати: print

Иш-чаралар