“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ – 2019” КОНКУРСУ

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

 

Конкурстун максаты: 1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга; калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да жигердүү катышууга шыктандыруу; (2) коомчулуктун катышуусу менен жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүү пландарына жана программаларына, ЖӨБ органдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ишине мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүүгө дем берүү (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) ишинин мисалында); (3) жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты жайылтуу максатында өзгөчө ийгиликтүү мисалдарды аныктоо; (4) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

Конкурсту өткөрүүнүн тартиби: жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ), бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар биргелешип же өз-өзүнчө айылында/айылдык аймактын деңгээлинде/Кемин шаарында киргизилген өзгөчө натыйжалуу, эффективдүү тажрыйбанын же өз демилгеси менен өткөрүлгөн иш-чаранын сүрөттөлүшүн Өнүктүрүү саясат институтуна беришет. Иш-чара төмөн жакта берилген формага ылайык толук сүрөттөлүүгө тийиш.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын санына чектөө жок, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болушу керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиши керек. Сүрөттөр, видеоматериалдар, гезиттерге жана журналдарга жарыяланган макалалардын үзүндүлөрү презентациянын көркүн ачат (өтүнмөнүн формасын караңыз).

Көңүл буруңуз! Толтурулган өтүнмөлөр мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтуна 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде тапшырыш керек.

Байгелер. Конкурстун жалпы байге фонду – 1 200 000 сом. Байге фонду Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан түзүлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

I орун – 150 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;

II орун – 120 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;

III орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;

Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 35 000 сом өлчөмүнө чейин байгелер.

Коомчулуктун катышуусунда жергиликтүү деңгээлде мониторинг системасын жайылтуу тажрыйбасына дем берүү үчүн атайын фонд:

  • I орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • II орун – 80 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 35 000 сом өлчөмүнө чейин байгелер.

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй. Кошумча маалымат алуу үчүн Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abuzurmankulova@dpi.kg  электрондук даректерине кат жазсаңыз болот.

Версия для печати: print

Иш-чаралар