“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТЫН МУКТАЖДЫКТАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ ПЛАНДОО” КОНКУРСУ

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт.
Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыз кылуу жана жеринде жашоо шарттарын жакшыртуу максатында ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу.

КОНКУРС ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Конкурстун максаты

Конкурстун негизги максаттары:

  • муниципалитеттин өнүгүү пландарын жана программаларын түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын көбүрөөк билүүсүнө дем берүү;
  • калкты жамааттын жашоосуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да жигердүү катышууга шыктандыруу;
  • ЖӨБ органдарынын өз планын мүмкүн болушунча реалдуу түзүүгө жана тажрыйба алууга шыктандыруу;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү.

Өтүнмө берүүчүлөр: Конкурска Ош, Нарын жана Чүй облустарынын айылдык аймактарынын жана Кемин шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары өтүнмө жибере алышат. Алар жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн эсепке алып, алардын катышуусу менен 2020-жылга өнүгүү программаларын жана/же пландарын (СЭӨП, БАП) иштеп чыгып, бекитишет.

Байгелер. Конкурстун жалпы байге фонду 400 000 сомдун тегерегинде болот. Байге фонду үчүн каражатты Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) бөлүп берди.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун   – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • II орун – 80 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • Шыктандыруучу байгелер – ар бири – 35 000 сом өлчөмүнө чейин байгелер

Долбоордук өтүнмөнү жиберүүнүн мөөнөтү: Өтүнмөлөрдү 2019-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрга чейин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна жибериш керек.

Өтүнмөнү Долбоордун адиси Алтынай Бузурманкуловага төм. дарек боюнча жибериңиз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй. Тел.: (0312) 97-65-30 (31, 32). Факс: 97-65-29 же ABuzurmankulova@dpi.kg  электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.

Өтүнмөнү даярдап жатканда консультациялык жардам зарыл болсо, Долбоордун адистери Роза Суранчиевага жана Танат Осмонкуловго кайрылууңузду өтүнөбүз. Тел.: (0312) 97-65-30 же электрондук даректерге кат жазыңыз: tosmonkulov@dpi.kg; rsuranchieva@dpi.kg 

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар