• Ысык-Көл облусунда тажрыйба алмашуу боюнча сапар: Кеңештер бекемдөөдө, ЖӨБнын жумуштары жана кызмат көрсөтүүлөрү ачык- айкын болууда. Декабрь 2014-ж. 2014-жылдын соңунда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Ысык-Көл облусунун 24 айылдык аймагынын жооптуу катчылары жана айылдык кеңештеринин төрагалары үчүн окуу сапарын уюштурду. Толук окуу...
  • Айыл өкмөтү жана айылдык кеӊеш – бул бүркүттүн эки канаты жана алардын үндөш кыймылы жергиликтүү өз алдынча башкарууну көтөрүп кетет. Сентябрь 2014-ж. Жалал-Абад облусунун пилоттук айылдык аймактары арасында тажрыйба алмашуу сапары мына ушундай ураан алдында өттү. Жай мезгилинин этегинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалитеттердин 51 өкүлү, анын ичинде Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 21 айылдык аймактан 34 айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн кайрадан тажрыйба алмашуу боюнча сапар уюштурду. Толук окуу...
  • Жаӊы идеялардын эски көйгөйлөрдү чечүүгө интеграцияланышы. Тажрыйба алмашуунун натыйжалары. Июнь 2014-ж. 2014-жылдын июнь айында ӨСИ уюштурган ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги сапар Ысык-Көл облусунун айылдык аймактарында жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасына арналды. Иш жүзүндө сапардын катышуучулары жөнөкөй жана көнүмүш болуп калган иш-чаранын – коомдук угуулардын күбөсү болушту. Толук окуу…
  • Тажрыйба алмашуу: айкындуулук, административдик чара, бала бакчалар жана муниципалдык ишканалар. Ноябрь 2013-ж. 2013-жылы күзүндө Бөкөнбаев айылына Ысык-Көл облусундагы 22 айылдык аймактан айыл өкмөт башчылары, орун басарлары жана адистери келген. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн сапар жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана элеттик муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу практикасына арналды. Толук окуу...
  • Жакшы тажрыйба даанышмандыктан да маанилүү: Жалал-Абад облусунун айылдык аймактарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы. Июнь 2013-ж. Тажрыйба алмашууга Жалал-Абад облусунун ММК өкүлдөрү жана ЖӨБЭММАнын облустагы өкүлү да катышты. 2013-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында “Жалал-Абад облусундагы айылдык аймактарда жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасы” темасы боюнча муниципалитеттердин тажрыйба алмашуу сапары болду. Толук окуу…
Версия для печати: print

Иш-чаралар