• Биринчи бет -
  • Иш-чаралар -
  • Пресс-сессия: Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы – муниципалитеттерде өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Пресс-сессия: Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы – муниципалитеттерде өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Иш-чара 2018-жылдын 11-декабрында “NUR” пресс борбору (Ош ш., Ленин көчөсү №377, 0553303184) пресс-борборунда өтөт.

Өнүгүү үчүн аймактарга мамлекеттик акча каражаттары керек. Муниципалитеттер жолдорду, таза суу менен камсыздоону, соцциалдык объекттерди жана башка көптөгөн багыттарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого милдеттүү. Шаарларда жана айылдарда шарттарды түзүүгө так ошолор жооптуу. Бирок жергиликтүү бюджеттердин мамлекеттик каржыдагы жалпы үлүшү дээрлик ошол бойдон калууда. Аны менен бирге түрдүү аймактарды каржылоодогу айырмачылык кескин чоңойгондугу байкалууда. Мисалы, Ош шаары коммуналдык чарабаны каржылоого шаардын 1 км2 аянтына 3 367 сом сарптаса,  Баткен шаары ошол эле аянтка болгону 571 сом же дээрлик 6 эсе аз өлчөмдөгү акча каражатын сарптайт; Кара-Кулжа районунда бир адамга 81 сом, ал эми Чоң-Алайда – 733 сом же 9 эсе көп. Сүлүктү шаары өз тургундарынын эс алуусуна жана маданиятына 299 сом сарптаса, Базар-Коргон районунун бир айыл аймагы киши башына болгону 27 сом же 11 эсе аз акча каражатын багыттай алат!

2018-жылдын 29-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттары өлкөнүн 2019-жылга карата республикалык бюджетин бекитишти.  

Көпчүлүк шаарлардын жана айылдардын өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы кандай болот? Жергиликтүү бюджеттердин үлүшү чоңойдубу? Территориалдык чоң айырмачылыктар сакталабы же кыскарабы? Муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен бирге өз алдынчалыкты сактап калууга акча каражаттары барбы? 2019-жылдын бюджети аймактарга эптеп күн өткөрбөстөн, өнүгүүгө кадам таштоосуна жардам береби?

Ушул жана башка көйгөйлүү маселелер “Жергиликтүү бюджеттер: өзгөрүүлөрдү үмүт менен күтүү” деген аталыштагы пресс-сессияда талкууланат. Сиздердин суроолоруңуздарга Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ | DPI) муниципалдык бюджеттер боюнча адиси Азамат Мамытов жооп берет. 

Иш-чара 2018-жылдын 11-декабрында “NUR” пресс борборунда (Ош ш., Ленин көчөсү №377, 0553303184) өтөт. Башталышы саат 11:00.

Пресс-сессиянын программасы:

  • 11.00 – 11.15  Катышуучуларды каттоо. Саламдашуу жана спикер менен тааныштыруу. Нургүл Жаманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун Коомдук байланыш жана маалымат боюнча адиси
  • 11.15 – 11.40  “Жергиликтүү бюджет – 2019” презентациясы. Азамат Мамытов, Өнүктүрүү саясат институтунун муниципалдык бюджеттер боюнча адиси
  • 11.40 – 12.00  “Жергиликтүү жарандык бюджет – ӨСИнин жаңы сунушу”. Азамат Мамытов
  • 12.00 – 12.30  Суроо – жооптор
  • 12.30 – 13.00  Кофе тыным

Бардык суроолор боюнча ӨСИнин Коомдук байланыш жана маалымат боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага кайрылыңыздар: 0770 771-711, 0555 / 0500 313-385.

Версия для печати: print

Март 2024

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31