• Биринчи бет -
  • Иш-чаралар -
  • Пресс-сессия: 2019-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ ТУУРАЛУУ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛБЕЙБИЗ: тышкы карыз жана жергиликтүү...

Пресс-сессия: 2019-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ ТУУРАЛУУ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛБЕЙБИЗ: тышкы карыз жана жергиликтүү бюджеттер – каражат аймактарды өнүктүрүү үчүн жетеби? АДМИНИСТРАТИВДИК-АЙМАКТЫК РЕФОРМА: көмүскө суроолор

ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

  • 2019-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ ТУУРАЛУУ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛБЕЙБИЗ: тышкы карыз жана жергиликтүү бюджеттер – каражат аймактарды өнүктүрүү үчүн жетеби?
    2019-жылы тышкы карыз өлкөнүн бюджетине кандай таасирин тийгизет? Карызды тейлөө боюнча жүктөм канчалык? Аймактарды өнүктүрүүгө жергиликтүү бюджеттерде акча жетеби?
  • АДМИНИСТРАТИВДИК-АЙМАКТЫК РЕФОРМА: көмүскө суроолор
    Аймактарды өнүктүрүү жылынын этегинде Президент “Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Реформа тууралуу көптөн бери сөз болуп келатат жана буга чейин аны ишке ашырууга аракеттер жасалган. Жылдын соңуна чейин Өкмөт коомчулукка реформаны жүргүзүүнүн жол картасынын долбоорун бериши керек, ошондуктан ушул күндөрү реформага артылган үмүт тууралуу сүйлөшүш керек. Реформанын маңызы кандай болушу керек? Кандай кадамдар жасалууга тийиш? Кайсы тапшырмалар чечилиши керек? Мындай реформа эмнеге таасирин тийгизет? Карапайым жашоочулардын кызыкчылыктары эске алынабы?
    Эксперттер ушул жана башка суроолорду кезектеги пресс-сессияда көтөрүшөт. Биз эксперттик жамаат менен ушул жылдагы соңку жолугушууга катышууга жана ушул маанилүү темаларды талкуулоого журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чакырабыз. Иш-чара 20-декабрда, саат 10-00дө Өнүктүрүү саясат институтунун жыйындар залында өтөт. Дареги: Бишкек ш. Үмөталиев көч., 108.
    Пресс-сессия Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пресс-сессиянын программасы:

  • 10.00 – 10.10 – Ачылышы. Спикерлер менен тааныштыруу. Лариса ЛИ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун маалыматтык саясат боюнча консультанты
  • 10.10 – 10.25 – 2019-жылы жергиликтүү бюджеттер жана бюджет аралык мамилелер: аймактарды өнүктүрүүгө акча жетеби?  Садырбаев Руслан Замирович, КР Финансы министрлигинин бюджет аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу
  • 10.25 – 10.40 – Бюджет-2019: чыгашалар. Азимов Алмаз Курбаналиевич, КР финансы министринин орун басары
  • 10.40 – 10.55 – Бюджет-2019: тышкы карыз. Татиков Руслан Сатылганович, КР Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси; 
  • 10.55 – 11.15 – Суроолор жана жооптор
  • 11.15 – 10.45 – Административдик-аймактык реформа эмнеден турат? Азамат ДИКАМБАЕВ, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
  • 11.45 – 12.10 – Жергиликтүү өнүгүүдө финансылык ажырымдар. Эмне үчүн аймактарда ТКЧны каржылоодо айырма 60 эсе болууда? Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтун башкаруу төрайымы
  • 12.10 – 12.30 – Суроолор жана жооптор
  • 12.30 – 13.00 – Чай тыным
Версия для печати: print

Март 2024

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31