«Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилени өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу

Өтүүчү орду жана убактысы: 2020-жылдын 31-январы, Жогорку Кенештин жыйындар залы, саат 14-00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.
Булак: http://kenesh.kg/ky/news/show/9452/31-yanvarda-kirgiz-respublikasinda-byudzhetter-aralik-mamileni-onukturuu-temasinda-parlamenttik-uguu-otot

Жогорку кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨПтүн долбоору менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өткөрөт.

Иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областары менен Бишкек шаарынын мамлекеттик жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен айыл өкмөттөрүнүн жана  башка өкүлдөр чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы: 2020-жылдын 31-январы, Жогорку Кенештин жыйындар залы, саат 14-00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24 жана 63-92-67.

П Р О Г Р А М М А С Ы:

  • 13:30-14:00 – Каттоо.
  • 14:00-14:10 – Катышуучулар менен саламдашуу. Токтошев Эмиль Токтакунович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы
  • 14:10-14:25 – Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелер. Азимов Алмаз Курбаналиевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары
  • 14:25-14:40 – Мамлекеттик каржы тутумундагы жергиликтүү бюджеттердин жалпы абалы. Алманбетов Өмүрбек Бадыевич, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын  Союзунун директору
  • 14:40-14:55 – Жергиликтүү бюджет жана Жерге-Тал айыл аймагынын мисалында бюджеттик камсыздандыруу тутумун теӊдөөнүн проблемалары. Үчүгенова Гүлмайрам Асановна, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
  • 14:55-15:10 – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардыгына теӊдөөнү  колдонуунун жыйынтыктары. Семеняк Максим, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун эксперти
  • 15:10-15:25 – Финансы менен камсыздоосуз жергиликтүү маанидеги маселелерди кеӊейтүүнүн проблемалары. Орозбаев Бектурган Ибраимович, Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча Швейцариянын башкаруусу аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган (SDC) «Жарандардын үнү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс» долбоорунун  улуттук деӊгээлиндеги ишмердүүлүгү боюнча менеджери
  • 15:25-15:40 – Муниципалдык менчикти башкаруудан финансылык  жоготуулардын проблемалары. Добрецова Надежда Николаевна, Өнүктүрүү саясат институтунун башкармасынын Төрайымы
  • 15:40-15:55 – Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн Программаларын ишке ашыруунун жыйынтыктары. Калканов Кадырбек Казакбаевич, эксперт
  • 15:55-16:10 – Кошумча баяндамалар үчүн убакыт
  • 16:10-16:50 – Суроолор жана талкуулар
  • 16:50-17:00 – Жыйынтыктоо, сунуштарды жалпылоо

Чыгып сүйлөө үчүн регламент: Негизги баяндама 15 мин., кошумча баяндама 10 мин., чыгып сүйлөөчүлөргө - 5 минутка чейин, суроолорго - 2 минуттан, жоопторго - 3 минут көп эмес.

Версия для печати: print

Март 2024

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31