Сынак: “Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын чыныгы катышуусу - 2013”

Сынакка Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык аймактары катыша алышат.

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору
Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын элеттик муниципалитеттерин (айыл өкмөттөрүн)
“Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын чыныгы катышуусу”
сынагына катышууга чакырат

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырып келет. 

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын потенциалын күчөтүү. Жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун механизмдеринин бири коомдук бюджеттик угуулар болуп эсептелет. Алар бир нече милдеттерди аткарат:

  • калкка бюджет тууралуу маалымат берүү үчүн ЖӨБ органдарына мүмкүнчүлүк түзүү;
  • калкты кызыктырган суроолорго жооп берүү;
  • жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын көбүрөөк камтыш үчүн бюджет долбоорлоруна ыктымал өзгөртүүлөр боюнча калктын сунуштарын талкуулоо;
  • жергиликтүү кеңештин депутаттарына ошол иш-чарада калктын кеңири катмарларынын кызыкчылыктарын чындап коргоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • бир жагынан кызмат көрсөтүү боюнча ЖӨБО милдеттерин жана жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнүн, экинчи жагынан бюджеттин алкагында ЖӨБО мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы максималдык балансты коомдук талкуулоо үчүн шарт түзүү;
  • жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн эсепке алуу менен жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө чечим кабыл алууда жергиликтүү кеңешти жүйөлөр менен камсыздоо.

Коомдук угууларды өткөрүүдө иш-чаранын өзү да, ага даярдыктар да, андан кийинки кадамдар да баалуу болгонун унутпаш керек. Бул коомдук угуулар ЖАРАНДАРДЫН БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССКЕ КАТЫШУУСУНУН БИР БӨЛҮГҮ катары каралганына байланыштуу.

Сынактын максаты
Сынактын негизги максаттары: 

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу кармануусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • ЖӨБ органдарынын бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу тажрыйбасын жана ниетин колдоо;
  • айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү.

Тапшырык берчүлөр
Кичи гранттар программасына тапшырык бергендер Ысык-Көл облусунун жана Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2013-жылдын 1-июнунан 31-июлуна чейинки мезгил аралыгында 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери
Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир айыл өкмөтүндө жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы. Жеңүүчүлөр критерийлерге ылайык аныкталат.

Критерий Критерийдин салмагы
 1 Угуучулар алдында маалымат өнөктүгүн өткөрүүнүн сапаты  15%
 2 БКС (бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү) сапаты  10%
 3 Маалыматты ийне-жибине чейин ачып берген презентациянын сапаты  20%
 4 Бюджеттин долбоорунда эсепке алынган жарандардын комментарийлеринин долбоорго таасир деңгээли
 
 10%
 5 Угуулар аяктап, жыйынтыгын чыгаргандан кийин жарандардын комментарийлери бюджеттин долбооруна кошулуп-кошулбаганы тууралуу ЖӨБ органдары менен калктын байланыш сапаты. Бул жерге ЖӨБ органдары жооп кайтарган комментарийлердин жана/же сунуштардын саны да кирет
 
 15%
 6 Айыл өкмөтүнүн бюджет долбоорунун реалдуулугунун деңгээли жана ал финансылык кырдаалды канчалык реалдуу чагылдырат
 
 10%
 7 Бюджет долбоорунда калктын кеңири катмарынын чогулуштар, курултайлар, депутаттар менен жолугушуулар, ЭКБА, сурамжылоо ж.б. учурунда аныкталган артыкчылыктарынын чагылдырылышы  10%
 8 Бюджет долбоорунда стратегиялык, программалык жана башка СЭӨП, БАП өңдүү документтердин чагылдырылышы  10%
   БАРДЫГЫ:  100%

Угуучулар алдында маалымат өнөктүгүн өткөрүүнүн сапаты. Көңүл алдыда боло турган угуулар тууралуу жарандарды маалымдоодо колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө бөлүнөт. Баарынан көп механизмдерди колдонгон ЖӨБ органдарына жогору баллдар берилет. Жарандар бюджет долбоору тууралуу маалыматты алдын ала гана эмес, ошол финансы маалыматын түшүнүп, ага карата өз пикирин калыптандырганы да өтө маанилүү. Жарандар бюджетке карата өз мамилесин калыптандыра алдыбы же жокпу – муну бюджет долбооруна өзгөртүү боюнча жарандардан түшкөн сын пикирлердин жана сунуштардын санынан улам билсе болот.

БКС (бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү) сапаты. БКС бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү, андагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат катардагы жарандар үчүн канчалык түшүнүктүү болгонуна жараша бааланат. БКС сапаты жарандардын артыкчылыктарын сүрөттөөдө да билинет.
2014-жылга бюджет долбоору боюнча БКСта төмөнкүдөй негизги маалыматтар камтылыш керек:

  • Салыктык (жергиликтүү жана жалпы мамлекеттик салыктар), салыктык эмес төгүмдөр жана гранттар өңдүү төгүмдөрдүн негизги булактары боюнча кийинки жылга (2014) пландалган кирешелер жана ушул жылга (2013) бекитилген кирешелер.
  • Функциялар жана/же экономикалык беренелер боюнча кийинки жылга (2014) чыгашалар жана ушул жылга (2013) бекитилген чыгашалар.
  • Жамааттын АРТЫКЧЫЛЫКТУУ көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган чыгашалардын өзүнчө сүрөттөлүшү.

БКСта 2014-жылдын бюджет долбоорундагы бардык өзгөрүүлөрдү 2013-жылдын бюджети менен салыштырып, пайыздар (%) менен чагылдыруу максатка ылайыктуу болмок. Эгерде бюджеттин кайсы бир беренесинин көбөйүшү (кыскарышы) 10 пайыздан ашса, анда кыскача сүрөттөлүшүндө тиешелүү түшүндүрмөлөр берилиш керек. Мындан тышкары БКСта кийинки жылы күтүлгөн бардык жаңы чыгашалар же артыкчылыктардын (саясаттын) өзгөрүшү чагылдырылып, алар муниципалитеттин бюджетине кандай таасирин тийгизе турганына түшүндүрмө берилсе жакшы болмок.

Маалыматты ийне-жибине чейин ачып берген презентациянын сапаты. Беренелердин тилкесинде пландалып жаткан кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалыматтын ийне-жибине чейин чечмеленген деңгээли жамаат үчүн өзгөчө маанилүү. Бул атайын даярдыгы жок адамдардын түшүнүүсү үчүн бюджет тууралуу маалыматтын көрсөтмөлүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү. АӨ презентациясында бюджет тууралуу маалымат канчалык жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, бюджет тууралуу коомдук угуулардын темасына тиешеси жок суроолор да, АӨ дарегине ыктымал шектенүүлөр да ошончолук азыраак болот. Бул болсо калктын ЖӨБОга карата ишениминин артышына көмөктөшөт.

Бюджет долбооруна жарандардын комментарийлеринин таасир деңгээли. Сынактын катышуучулары калктын комментарийлеринин негизинде бюджет долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча да бааланат. ЖӨБО бюджет долбоору комментарийлерге ылайык кантип өзгөргөнүн көрсөтүп, бюджеттик каражаттардын кайра бөлүштүрүлүшүн, көбөйүшүн же азайышын белгилеш керек. Эгерде бюджет долбоору калктын комментарийине ылайык өзгөрсө, бөлүп көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрү менен кайра каралган бюджеттин көчүрмөсү кошо берилиш керек. Өзгөртүүлөр кайсы бир нерсеге кошумча каражат бөлүүдө чагылдырылбайт. Бул максаттуу пайдалануунун детализациясы (мисалы, бул жылы кайсы көчөгө, ал эми кийинки жылы кайсы көчөгө жарык бериш керектигин көрсөтүү) болушу мүмкүн, же күтүлгөн үнөмдөөнүн эсебинен кайра бөлүштүрүү (мисалы, көрктөндүрүү боюнча иштерди кантип уюштуруш керектиги тууралуу маселени чечүүдө – квалификациясы төмөн ишчилерди жалдаш керекпи, же коомдук иштерди/ашар уюштуруу туура болобу). Ошондой эле бюджет долбоорундагы өзгөрүүлөр боюнча жарандардан канча жана кандай комментарийлер/сунуштар талкууланганын жана кайсылары кабыл алынганын көрсөтүү үчүн угуулардын протоколунун көчүрмөсүн берүүңүздү өтүнөбүз.

Кайра байланыштын сапаты. Угууларда айтылган бардык эле комментарийлер бюджетке киргизиле бербей турганын Долбоор мойнуна алат. Анткен менен калк эмне үчүн алардын комментарийлери эсепке алынбаганын билиши керек. Кайра байланыштын сапаты эмне үчүн алардын комментарийлери киргизилип-киргизилбегени тууралуу жарандарга канча түшүндүрмө кантип берилгенинин негизинде бааланат. Көңүл колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө бөлүнөт. Баарынан көп механизмдерди колдонгон ЖӨБ органдарына жогору баллдар берилет.

Жергиликтүү бюджеттин реалдуулугу. Баллдар коомдук угууларга чыгарылган бюджет долбоору чыныгы финансылык абалды тагыраак чагылдырган катышуучуларга берилет. Бул 2014-жылдын бюджет долбоорунда 2013-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу өз киреше булактардын (салыктык жана салыктык эмес кирешелер) пайыздык көбөйүшүнүн (азайышынын) негизинде бааланат. Эгерде бюджеттин көбөйүшү 10 пайыздан ашса, анда максималдык балл алыш үчүн бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүндө кирешенин мындай өсүшүнө түшүндүрмө берилиш керек.

Бюджет долбоорунда калктын кеңири катмарынын артыкчылыктарынын чагылдырылышы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш жүзүндө калкка коомдук кызматтарды жеткирүүчү болуп эсептелет. Бюджет болсо кызмат көрсөтүүлөрдүн планы. Пландоодо коомдук кызматты керектөөчүлөрдүн пикирлери жана чыныгы керектөөлөрү эсепке алынганы маанилүү. Калктын артыкчылыктарын изилдөө мүмкүнчүлүктөрдүн, биринчи кезекте каржынын чектелүү болгонунан улам актуалдуу болуп турат. Буга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарын өзгөчө ири инвестицияларга (мисалы, кийинки жылы эмне кылыш керек деген чечим кабыл алууда: клубдун имаратын ремонттош керекпи, же акчаны таштанды тазалоо үчүн техника сатып алууга жумшаган туура болобу? Бул жылы кайсы көчөгө, ал эми кийинки жылы кайсы көчөгө жарык бериш керек? Көрктөндүрүү боюнча иштерди кантип уюштуруш керек – квалификациясы төмөн ишчилерди жалдаш керекпи, же коомдук иштерди/ашар уюштуруу туура болобу?) дагы да натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн ЖӨБОга калктын артыкчылыктарын изилдөө сунушталып келет. Артыкчылыктар чогулуш, курултай, депутаттар менен жолугушуу, ЭКБА, сурамжылоо, жарандардын кайрылуусун жана даттанууларын анализдөө ж.б. учурларда аныкталышы мүмкүн.

Бюджет долбоорунда стратегиялык, программалык жана башка документтердин чагылдырылышы. Ар бир ЖӨБ органында көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын арттыруу максатында өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча өз функциялары, ыйгарым укуктары жана милдеттемелери бар. Мындай документтер деп мамлекеттик стратегиялар, программалар, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландары, ошондой эле биргелешкен аракеттер планы жана сапатты жогорулатуу, калкты жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш планын сүрөттөгөн башка документтер эсептелет.

Байгелер

Сынактын жалпы байге фонду – 80 000 сом. 

Сынактын жеңүүчүлөрүнө ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн да байгелер берилет:

I орун – коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн 35 000 сомго чейинки суммада шаймандар:

  • Проектор
  • Нетбук
  • USB модем

II орун – коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн 28 500 сомго чейинки суммада шаймандар:

  • Проектор
  • Фотоаппарат
  • USB модем

III орун – коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн 8 500 сомго чейинки суммада шаймандар:

  • Фотоаппарат
  • USB модем

USB модем жана үн күчөткүч түрүндө 7 500 сомго чейинки суммада 5 шыктандыруучу байге бирден бешке чейин айыл өкмөтү алат.

Сынактык комиссия

Жеңүүчүлөрдү Конкурстук комиссия аныктайт. Комиссия төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат: 

  1. «Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги» Долбоорунун,
  2. Өнүктүрүү саясат институтунун
  3. КР Каржы министрлигинин

Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2013-жылдын 1-августунан 15-августуна чейинки мезгилде бериш керек. 


Сынакты өткөрүүнүн тартиби

  1. 1-майдан 30-майга чейинки мезгилде ЖӨБ органдары жергиликтүү салык жыйымдары боюнча бюджет божомолуна жана киреше бөлүгү боюнча трансферт төгүмдөрүнүн божомолу боюнча РайФБ маалыматтарына жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик уюмдар менен мекемелердин сметаларына, СЭӨП, БАП жана ЖӨБО башка документтерине таянып, жергиликтүү бюджеттердин долбоорун даярдашат.
  2. Бюджет долбоорлорун даярдоо учурунда ЖӨБ органдары кийинки жылдын бюджет долбоору боюнча алдыда боло турган коомдук бюджеттик угууларга байланыштуу маалымат өнөктүгүн өткөрө баштайт.
  3. 1-июндан 31-июлга чейинки мезгилде ЖӨБО коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.
  4. Коомдук бюджеттик угууларды өткөргөндөн кийин ЖӨБО угуулардын катышуучуларынын сунуштары боюнча жергиликтүү бюджеттин долбооруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, долбоорду жергиликтүү кеңешке бекитүүгө беришет. 
  5. ЖӨБ орган жергиликтүү кеңеш бюджетти бекиткени жана коомдук угуулардын натыйжасы боюнча кабыл алынган бардык өзгөрүүлөр жана кайсы сунуштар эсепке кандай себептер менен алынбай калганы тууралуу калкты маалымдайт. 
  6. ЖӨБО райондук финансы бөлүмүнө бюджет долбоорун белгиленген мөөнөттө тапшырат.
  7. Эгерде ЖӨБО конкурска катышууну кааласа, коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында иштелип чыккан (тандоо критерийлерине өзгөчө көңүл буруңуз) документтердин көчүрмөлөрүн, фотоматериалдарды жана колдонулган көрсөтмөлүү агитациянын үлгүлөрүн ж.б. чогултат, табыштаманы толтурат жана Өнүктүрүү саясат институтуна 2013-жылдын 1-августунан 15-августуна чейин конкурска катышуу үчүн жиберет.

Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төм. дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32 /33, (факс) 97 65 29 же эл. дарек amamytov@dpi.kg

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар