"Жергиликтүү демилге 2014" сынагы

Мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 5-июлунан 5-августуна чейин тапшыруу керек.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин өнөктөштүгүндө каржыланат.


Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ” СЫНАГЫ

Сынакты өткөрүүнүн максаты:

  1. калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу,
  2. жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо, 
  3. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү. 

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек. 

Бул сынактын алкагында жергиликтүү демилге катары жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көтөрүп ишке ашырууда коомчулукка пайда келтирген; улантууну же болбосо муниципалитетте кайталоону талап кылган жана КМнын башка айылдарында колдонула турган иш чаралар, механизмдер же методдор эсептелет. Сынакта төмөндөгүдөй жергиликтүү демилгелер каралат:

  1. калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшкөн;
  2. ЖӨБ органдарынын айкын ишине, ЖӨБ органдарынын калк алдында жооптуу болушуна көмөктөшкөн;
  3. муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин (мектептердин, коммуналдык кызматтарды жеткиргендердин ж.б.) айкын ишине көмөктөшкөн;
  4. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ролун арттырууга жана алардын шайлоочулар менен дагы да активдүү иш алып баруусуна көмөктөшкөн;
  5. жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга көмөктөшкөн;
  6. жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздаган;
  7. жарандык коомдун артыкчылыктуу муктаждыктарды тандоого жана айылдын өнүгүүсү үчүн чечим чыгарууга катышуусун камсыздаган.

Жергиликтүү демилге жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү, бирок төмөнкүлөр кошулганы менен, булар менен гана чектелбейт: 

  1. таза суу, канализация жана тазалоочу жабдуулар;
  2. калк отурукташкан аймактарда муниципалдык жолдор;
  3. көчөлөрдү жарктандыруу;
  4. көчөлөрдү, сейил бактарды, бактарды, спорттук жайларды, эс алуу жерлерин, күмбөздөрдү көрктөндүрүү;
  5. тиричилик калдыктарын (таштандыны) чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу;
  6. коомдук транспорт (калк отурукташкан пункттардын ичинде);
  7. маданий жана тарыхый баалуулуктарды коргоо;
  8. жергиликтүү китепканалар;
  9. коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
  10. элдик көркөм чыгармачылык;
  11. бош убакытты уюштуруу; балдар жана жаштар үчүн иш-чаралар;
  12. физикалык маданиятты жана массалык спортту өнүктүрүү;
  13. өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюга көмөктөшүү;
  14. ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жетүүнү камсыздоо.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак (табыштаманын формасын караңыз).

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 5-июлунан 5-августуна чейин тапшыруу керек.

Тандоо критерийлери. Бардык табыштамалар тандоонун төмөнкү критерийлерине негизделген мазмундуулугу жана туура түзүлгөндүгү жагынан каралат:

  • жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү демилгенин мааниси – жайылтылган практика жамааттын жашоо шартын жакшыртууга кантип көмөктөштү;
  • ЖӨБ органдарынын ишинин калк алдында ачыктыгын жана жоопкерчилигин жогорулатуу деңгээли;
  • калктын жамааттын турмушуна жана чечим кабыл алуу процессине, анын ичинде жергиликтүү маселелер боюнча катышуусунун активдүүлүгүн жогорулатуу деңгээли; 
  • жарыктыгы, ошол жамааттын ичинде жана/же дагы да кеңири масштабда жараткан кымгуут жагынан алып караганда иш-чаранын же жайылтылган тажрыйбанын өзүнүн сапаты;
  • байгенин эсебинен сатылып алынган каражатты/жабдууну колдонуу сүрөттөлгөн демилгени мындан ары жакшыртууга же калктын ЖӨБ органдары менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүсүнө кантип көмөктөшөт.


Комиссия чечим кабыл алганга чейин жергиликтүү демилгени жеринде ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышуу максатында сынакка катышкан айылдык аймакка барып же барбоону Долбоор өзү чечет.

Бардык критерийлер маанилеш салмакка ээ. Демилгелер өз-өзүнчө ар бир критерий боюнча 5 баллдык өлчөм менен бааланат. Кимдин табыштамасы мүмкүн болушунча көбүрөөк баллга ээ болсо, ошол жеңүүчү деп табылат.

Сынактык комиссия. Сынактык комиссия катышуучулар тапшырган документтерди ыктымал толуктоолор менен карайт. Ал толуктоолор сынакка көрсөтүлгөн демилге тууралуу маалыматка ээ болгон эл аралык уюмдардын, долбоорлордун, башка бейөкмөт уюмдардын ой-пикирлери түрүндө болушу мүмкүн. Толуктоолорду мындан тышкары арыз берүүчүлөр, табыштама берген муниципалитеттин тургундары, ЖӨБ органдары менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Долбоор да бериши мүмкүн.

Табыштамаларды баалоо аларды тапшыруу мөөнөтү аяктагандан тарта 2-3 аптанын ичинде ишке ашырылат. Комиссиянын мүчөлөрү табыштамаларды жогоруда көрсөтүлгөн тартипке ылайык баалашат. Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Долбоордун сайтындагы “Жаңылыктар” деген бөлүмдө, “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрү сынактык комиссия чечим чыгаргандан кийин бир аптанын ичинде жазуу түрүндө маалымдалат.

Сынактык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору – 1 адам;
  • Өнүктүрүү саясат институту – 1 адам;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик – 1 адам;
  • Бейөкмөт уюмунан – 2 адам.

Сынактык комиссиянын чечими көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.

Жергиликтүү демилгени жайылтуу тажрыйбасы: Долбоор өзүнүн басма каражаттарында сынакка көрсөтүлгөн жергиликтүү демилгелердин мисалдарын жарыялоону ойлонуштурууда. Биз басылмада орундун чектелүү болгонунан улам берилген тексттерди редакциялоо укугун өзүбүздө калтырдык. Ошондой эле эң мыкты мисалдар ӨСИ жана долбоордун сайттарында жайгаштырылат.

Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жергиликтүү кеңештери катышуу укугуна ээ.

Байгелер. Сынактын жалпы байге кору – 650 000 сом. Байге кору Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин өнөктөштүгүндө каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.  

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 150 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 15 миң 500 сом өлчөмүнө чейин.

Байге каражаттары (грант) сынамыкта көрсөтүлгөн демилгени улантуу, демилгеде аталган тажрыйбаны жакшыртуу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кызматташтыкта жаңы демилгени ишке ашырууга колдонулушу мүмкүн. Байге каражаттары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

  • сүрөттөлгөн жана жеңүүчү деп аталган жергиликтүү демилгени улантууга же жайылтылган усулду колдоого иш-чараны өткөрүү үчүн жабдуу, шайман ж.б. (бюджетти бергенден кийин чоо-жайын Долбоор менен макулдашуу боюнча);
  • үндү күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомду маалымдар кылуу системалары,
  • коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды жабдуу үчүн эмеректер (мисалы, отургучтар, креслолор, маалымат такчалары, доскалар),
  • муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорт мектептери) үчүн жабдуулар жана шаймандар,
  • муниципалдык ишканалар (суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөнү жарыктандыруу, жашылдандыруу өңдүү кызматтарды көрсөткөн ишканалар) үчүн жабдуулар.

Долбоор курулуш-оңдоо долбоорлорун каржылоодон, эмгек акыдан же сапардан тышкары байге корун колдонуунун башка да варианттарын карап чыгышы мүмкүн.

Милдеттүү шарт – байгени алгандан кийин бир (1) айдын ичинде алынган байгени колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан иш же өткөрүлгөн иш-чара тууралуу отчет тапшыруу.  

Сынактын жеңүүчүсүнө калкты жергиликтүү маанидеги иштерге тартууну жана жергиликтүү кызматты көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу максатында байге корун колдонуу боюнча Долбоор менен сүйлөшүү жүргүзүү укугу берилет. Сатып алууну Долбоор жеңүүчүнүн өкүлүнүн катышуусу менен бирге жүргүзөт жана ал жеңүүчүнүн колдонуусуна өткөрүлүп берилет. Каражатты иш-чараны же акцияны өткөрүү үчүн колдонгон учурда Долбоор байгенин суммасынын алкагында бардык чыгашаларды түздөн-түз жабат.

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 5-июлунан 5-августуна чейин төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 44-үй. Кошумча маалымат алуу үчүн Айнура Балакунова, Анара Мусаевага жана Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abalakunova@dpi.kg, amusaeva@dpi.kg, abuzurmankulova@dpi.kg электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.
 

Версия для печати: print

Иш-чаралар