Зомбулуктун алдын алуу боюнча комитет

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ак-Чий АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Зомбулуктун негизги себептери – жакырчылык, жумушсуздук жана анын айынан пайда болгон аракечтик. Жаштар көбүрөөк акча табууга жана көбүрөөк керектөөгө аракет кылышат. Мында өспүрүмдөр үчүн ошол каражат кандай жол менен табылганы маанилүү эмес. Ата-эне “узун акчанын” артынан түшүп, чет өлкөгө аттанып кетсе, алардын балдары мекенинде өзү окуган мектепте “акча табууда” – ушинтип балдар рэкетчилиги тамырын жайды. Көптөр карып калган, жаштарды жакшылап тарбиялоого алы-күчү калбай калган чоң ата-чоң апасынын, жакын туугандарынын колунда калышты. Барган сайын жардамга муктаж, балдарынын колдоосуз калган кары-картаңдардын саны да өсүүдө. Ошондой эле коомдо эски салттардын таасири мурдагыдай эле күчтүү бойдон кала берүүдө. Жыл сайын турмуш курууга мажбурлап, 15-16 миң кызды күч менен алакачышууда.

Мына ушул “балээнин” баары Ак-Чийдеги жергиликтүү жамааттын турмушунда да көп мезгилден бери болуп келаткан. Качыбек айылынын калкы 1004 адамды түзөт, алардын ичинен 437си эркек, 567си аял. Айылдын аялдарынын жарымына жакынын өз убагында күйөөлөрү ала качышкан. Ошондой эле аялдардын 15% күйөөлөрү кээде сабай турганын айтышкан. Окуучулардын ата-энелеринин 5% мектеп рэкетчилиги деген көйгөйгө дуушар болгонун айтышкан. Кары адамдардын 10% балдары алардын керектөөлөрүнө тоотпогон мамиле жасашаарын айтышкан. Суроолор улууларга, карыларга жана балдарга узатылган. Сурамжылоону Зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин (ЗАК) мүчөлөрү жүргүзгөн. Комитетке АККнын активисттери, аялдар кеңеши жана жаштар комитети, мектеп мугалимдери, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, “Лидер” бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү кирген.

Эмне жасалды?

Зомбулукту алдын алуу боюнча комитет 2011-жылы Freedom House каржылаган “Зомбулуксуз аймак” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Качыбек айылынын АКК, “Лидер” бейөкмөт уюмунун жана айыл өкмөтүнүн демилгеси менен түзүлгөн. Комитет 5 багыт боюнча иштейт: эрезеге жете электердин турмуш куруусуна жана ала качууга, тобокел үй-бүлө күтүүгө (чыр-чатактуу, ичкиликке берилген үй-бүлөлөр) жол бербөө, мектеп рэкетчилигин жок кылуу, ЗАК жыйындар системасы, окутуу жана консультациялар. Пайда болгон көйгөйдү талкуулоо жана чечүү жолдорун биргелешип издөө максатында элет тургундарынын катышуусунда айылдык чогулуштар өтүп турат. “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктарга жана тең мүмкүнчүлүктөргө мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө” ж.б. мыйзамдарды окутуу боюнча тренингдер өттү. Айылдагы коомдук жайларда жана соода түйүндөрүндө кубат берчү, спирт ичимдиктерине, ошондой эле өспүрүмдөргө тамеки сатууга тыюу салуу тууралуу жарыялар илинди. Кыз ала качууну, мектеп жана көчө рэкетчилигин, үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу үчүн ишеним телефондорунун номурлары көрсөтүлгөн баракчалар таратылды; жаштар жана жогорку класстын окуучулары катышкан акция өттү. Анын жүрүшүндө алар кызды ала качпоо жана рэкетчиликке бөгөт коюу тууралуу сөз беришти. Мунун натыйжасында эки түгөйдүн макулдугу боюнча 2 үйлөнүү тою өттү. Айылдын тургундары, жогорку класстын окуучулары жана мугалимдер менен биргеликте психолог менен жолугушуу уюштурулду. Ал жолугушууда эрте турмуш куруу, ала качуу, мектеп рэкетчилиги көйгөйлөрүнө арналган тасмалар көрсөтүлдү.

Натыйжалар

Ишеним телефону аркылуу элет тургундары зомбулук фактысы боюнча ЗАКка кабарлай алат. Качыбек айылында ушул ЗАК түзүлүп, иштей баштаганга чейин жаштар нике кыйып эле баш кошуп, бир нече айдан кийин гана расмий каттоого турушчу, же никесин каттаттырбай деле коюшчу. Эки көрсөтмө үйлөнүү тоюнан кийин, ЗАКтын мүчөлөрүнүн аракеттери менен баш кошконго бир ай калганда ЗАГСка арыз таштай баш-ташты. Б.а. үйлөнүү тою никени расмий каттоо менен бир учурга туш келип, бул болсо аялдардын укугун коргоого жана үй-бүлөлүк байланышты бекемдөөгө көмөктөшөт. Кыз ала качуу жана эрте турмуш куруу фактылары токтоду. ЗАКтын чогулушундагы талкуудан кийин аялдар үй-бүлөдөгү зомбулук, аракечтик факттары азайганын, үй-бүлөдөгү кырдаал жакшы жагына өзгөргөнүн белгилешти. Айылдын жаштары ыктыярдуу элдик кошуундун курамында кечки жана түнкү маалда күзөткө үзгүлтүксүз чыга баштады. Балдар тарабынан кары адамдарга карата мамиле өзгөрдү. Мектеп рэкетчилиги көйгөйү дээрлик чечилди.

Айыл өкмөтү жана андан жогорку деңгээлде чечимдерди кабыл алуу маселелеринде жергиликтүү калктын активдүүлүгү өстү. Айталы, 2011-жылы Качыбек айылында жаңы мектептин курулушу башталганда калк бөдрөтчүгө жергиликтүү жаштардын арасынан бир бригада алуу шартын койгон. Бул шарт аткарылды. Айыл калкынын колдоосу менен АККтын активдүү кийлигишүүсү жаңы мектептин курулушунун токтоп калышына жол берилген жок. Жогору турган мекемелердин жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуунун жүрүшүндө 2012-жылы жаңы мектептин курулушун жандандыруу үчүн 8 миллион сом бөлүнгөн. 2012-жылга айылдык аймактын жергиликтүү бюджетин талкуулоого жана бекитүүгө Качыбек айылынын АКК активдүү катышты жана Качыбек клубунун ремонтуна жана маданий иш-чараларга каражатты көбүрөөк бөлдүрүп алышты. Мындан тышкары айылдын ичиндеги 2 көпүрөнүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү. Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 2012-жылга 250 миң сом өлчөмүндө АРИС каржылаган каражат толугу менен Качыбек АККга мал айдап өтө турган жолдо 3 көпүрөнүн курулушуна багытталды. Айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары техникалык, каржылык жана моралдык жардам көрсөтүү менен бул демилгени колдоп беришти. Качыбек айылынын ЗАК ишмердүүлүгү тууралуу маалымат www.Kloop.kg сайтында жарыяланган.

Түз бенефициарлар: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 28 аял; мектеп рэкетчилиги көйгөйүн баштан өткөргөн 9 ата-эне; 8 кары адам.

Кыйыр бенефициарлар: Качыбек айылынын тургундары – 1004 адам.

Айыл тургундарынын пикирлери:

“Түшүндүрүү иштерине мечиттин имамдары тартылганы абдан жакшы болду. Мен дин эрежелери боюнча ата-эненин балдары алдында жана балдардын ата-эне алдындагы милдеттемелери тууралуу көп нерсени билдим”.

“Зомбулукту алдын алуу комитетинен мыйзам боюнча көп аял алууга тыюу салынганын билдим”.

“Кечкисин ыктыярдуу элдик кошуун нөөмөттө турганы жакшы болду, өспүрүмдөр түнгө маал көзөмөлсүз эле көчөдө басканын токтотту”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар