Көпүрөнүн ремонту

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен Кежебаев, Асаналиев, Жумадыло көчөлөрүнүн батыш бөлүгүн айылдын калган бөлүгү менен байланыштырган Сары-Дөбө каналынын курулуш иштери башталды. Ошентсе да каражаттын жетишсиздигинен курулуш иштери токтотулган. Көпүрөнүн жоктугунан улам айылдын ушул бөлүгүндө жашаган тургундар айылдын борбордук бөлүгүнө чейин жетиш үчүн айланып өтүшчү. Ошондой эле бул айыл чарба продукциясын машинеге жүктөп алып, айыл жерлерине жеткирүүдө кыйналып келишкен.

Эмне жасалды?

Бул көйгөйдү чечүү үчүн айылдын старостасы Кубатбек Саданбеков көпүрөнүн курулушун жергиликтүү жамааттын жардамы менен бүтүрүүнү сунуштады. Буга 56 үй чарбалыгы кызыкдар болду, алар 250 сомдон нак акча чогулту, айыл өкмөтү 8500 сом бөлдү, Түп райондук суу чарбалык башкармалыгы эки бетон лоток берди. Уюштуруу иштерин айылдык кеңештин депутаты Нурбек Маданбеков алса, калкты мобилдештирүү иштерин Жеңиш Чыныбаев жүргүздү. Жер иштери Арал айылдык кеңешинин Аймактык инвестициялык комитетке тиешелүү болгон экскаватордун жардамы менен уюштурулду. Колдон келген жардамын мектептин жыйырма жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрү жана жөн гана каалоочулар беришти. Айталы, айыл тургуну Болот Тостокевв өз тракторунда бекер иштеп берди. Жалпы аракеттер менен көпүрөнүн курулушу аяктады жана Жумадылов, Кенжебаев, Асаналиев көчөлөрү Турдукожо борбордук көчөсү менен байланышып, бул болсо адамдардын жашоосун бир кыйла жеңилдетти.

Натыйжалар

Көпүрөнүн курулушу айылдын тургундары өз көйгөйлөрүн өздөрү эле чечип алууга, кошумча ресурстарды тартууга жана айыл өкмөтү менен тыгыз байланышта иштөөгө жөндөмдүү болгонун көрсөттү. Көпүрөнүн ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарада айыл тургуну Асанкожо Балчаков “ушул көпүрө айылдын бардык тургундары бир бүтүн кылып бириктирсин” деген каалоосун айтты. Көпүрөнүн курулушу 2012-жылдын май айында соңуна чыкса да тургундар ушул күнгө чейин жасалган иштерди сыймыктануу менен эскеришет жана өз айылындагы шарттарды жакшыртууга байланыштуу пландарды куруп жатышат. Кезекте жаңы пландар жана жаңы көпүрөлөр.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар