Жарыктандыруу жана трансформаторду орнотуу

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Багыш аймагындагы Беш-Бала айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү Казарман – Жалал-Абад жолунун боюнда жашайт. Бул участок бир эле маалда Ю.Гагарин атындагы борбордук көчө деп да эсептелет. Бул көчөдө 3200 метр аралыкта транспорт үзгүлтүксүз жүрүп турат. Кечке маал көчө жарыктандырылбагандыктан айылдын калкы жолдун боюнда баскандан коркчу. Айылда орун алган ар бир экинчи жол кырсыгында жөө жүргүнчүлөр жабыркачу. Буга көчөнүн начар жарыктандырылганы да себеп болгон. Бул көйгөй өзгөчө күз мезгилинде, аба ырайы бузулганда актуалдуу болду. “Ушул көчөдө биздин канча тургундун, баланын өмүрү кыйылды”, - деп кейийт Беш-Бала айылынын тургундары.

Эмне жасалды жана натыйжа

Айылдын 800дөн ашуун тургуну айылдын борбордук жана ага чектеш көчөлөрүн жарыктандыруу маселесин көтөрүп чыгышты. Бул маселе айылдын күнүмдүк жашоосуна тиешелүү болгондуктан ага жергиликтүү ишкерлер, жамааттын активдүү лидерлери да тартылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да четте карап турган жок, алар РЭС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, автоматтарды жана күйүп кеткен лампаларды алмаштыруу үчүн электромонтер адистерди тартышты. Жалпы аракеттер менен айылда кубаттуулугу 160 Квт болгон жаңы трансформатор жана көчөгө жарык берген 35 электр лампалары орнотулду. Совет доорунда депутат болуп иштеген айылдын тургуну Камчыбек Мурзаев өз чөнтөгүнөн 35 көчө лампаларын берди. чоң жардамды аялдар комитетинин лидери Сабира Ботобаева жасады. Ал калкка демилге тууралуу маалыматты жеткирип, тургундарды бул иштерге тартууда чоң иштерди жасады. Жарыктандыруу көйгөйүн чечүү үчүн тургундар 9800 сом чогултту, алардын ичинен жамааттын салымы 2932 сом болду. Ушул тажрыйбаны үйрөнүү үчүн Беш-Балага коңшу айылдын жана айылдык аймактын тургундары жана старосталары кайрылып жатты. Маалыматты жайылтуу максатында 2008-жылы демилгечилер айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери, РЭС жумушчулары жана башка кызыкдар адамдарга ушул тажрыйбанын бет ачарын өткөрүшкөн.

Айылдын көйгөйлүү маселесин чечүүгө сырттан жардам күтпөстөн, тургундардын өздөрү катышыш керек. Демилге ишке ашырылгандан кийин айылдын тургундары өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, маселени чогуу-чаран, биргелешип чечсе болооруна ынанышты. Ушуну менен токтоп калбоону чечишти. Мисалы, короонун алдындагы участокторго сугат суу келген башкы арыкты тазалап чыгышты. Ишинин жыйынтыгын айылдыктар күзүндө, түшүм чогултуп жатканда көрүштү. Айылдын эки тургуну АРИС долбоорунун алкагында долбоор түзүштү, аны башка тургундар да колдоп беришти. Жыгач устачылык цехи жана пахта иштетүүчү цех түзүлдү. Эгерде мурда терезеге темир тор, полго плинтус, каалга жасаш үчүн жергиликтүү калк шаарга барууга мажбур болсо, эми бул нерселерди айылда тапса болот. Пахта иштетүүчү цехтин кызматын Беш-Бала айылынын тургундары гана эмес, кошуна айыл да колдонуп жатат.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Айылдын тургуну катары мен да көйгөйдүн чечилишине салымымды коштум, РЭС менен дайыма байланышты кармап турдум. Техникумда электртехника боюнча алынган билимим жардам берген. Мен калк арасында жарыкты мындан ары колдонуу, аны кармоого байланыштуу кеткен чыгымдар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Эми түнүндө көчөгө чыкканда маанайың да ачылат – айлана жапжарык! Аксакалдар ушул маселени чечүүгө кол кабыш кылган айылдаштарына батасын беришүүдө”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар