Жарык өчпөсүн! Айыл тургундары караңгылыкты кантип жеңгени тууралуу баян

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Садовое – 500 калкы бар, негизги трассадан оолак жайгашкан чакан айыл. Кыргызстанда мындай айылдар жүздөп саналат да, алардын бир азы гана жакшы шарттары, анын ичинде көчө жарыгы менен мактана алат. Бирок Садовоенин тургундары кечки көчөлөрдүн түбөлүк караңгылыгынан чыгуу амалын таап, жарык менен камсыздай алышты. Болгондо да ӨЗДӨРҮ жасашты.

Эки жыл мурда айылдын бир тургуну ишинде көпкө кармалып, үйүнө кеч кайтат. Жолдон чыккан машина аны үйүнөн алыс жерге таштап кетет, көчөдө болсо бир шамчырак жок, көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. Садовоеде туулуп өскөндүктөн адашпасы анык эле, бирок аркы имерилиштен эмне болоорун күтүп болобу? Ошентип ага капыстан кол салган бейбаштар чөнтөгүн тазалап тим болбостон, өзүн да жанчып кетишет. Ким урду деген суроого бечара караңгыда көрбөсө, кайдан билмек. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл аймагындагы Садовое айылында караңгы жамынып жаштар бири-бирин төбөлөп турар эле.

Тилекке каршы, Кыргызстандын кайсы айылын алба, мындай окуя ар бирине тааныш болсо керек. СССР ыдырагандан бери алыскы айылдын инфраструктурасын колго алган эч ким жок. Суусуз жашай албагандыктан суу жагына арга жок көңүл бурушса, көчө жарыгына кол тийген да эмес. Ошондой эле айылдыктарга азыраак муктаждай көрүнгөн жолдорго, клубдарга, спорт аянчаларына да кол жетпейт. Эгер жакшылап ойлонсо, көчө жарыгы менен клубдун ортосундагы байланыш бар. Мунун баары адамды адам кылган, анын телегейин тегиз кылган шарттар эмеспи. Турмуш деген маданият менен тарбиянын көзгө көрүнбөс жиптери менен чырмалышкан. Эгер айылда жаштар бош убактысын өткөрө турган жай болбосо, күндүн батышы менен үйлөр тумалак бекитилсе, жарыктын жогунан турмуш токтоп калса, адамдар өздөрүн цивилизациялуу коомдо жашайм деп сезе албаса керек.

Эмне жасалды?

Кайсы гана башкаруу органы болбосун жарыкты калыбына келтирүүгө аракети узак убакытка созуларын түшүнгөн айылдын тургундары көйгөйдү өздөрү чечүүгө киришти. 2011-жылы айылдык жыйында калк 11 көчө чырагын орнотууну чечти. Биргелешип Ивановка айылдык аймакка расмий кат жазып, көчө жарыгы жергиликтүү маанидеги маселе болгондук-тан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясында турат деп эсептешти. Андан соң Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун колдоосу менен 2011-жылдын соңунда артыкчылыктуу проблемаларды чечүү боюнча демилгелүү топ түзүшөт. Ал көйгөйлөрдүн бири айылдын көчө жарыгын камсыз кылуу болгон.

Айыл старостасы Кубат Супатаевдин айтымында, Садовое айылынын жети тургунунан турган демилгелүү топ дароо ишке киришти: шамчырактарды орнотуучу жерлерди аныкташты, көрсө мурдагыдай 11 эмес, 15 шамчырак алыш зарылдыгын билишти, бардык чыгымды эсептеп чыгышты. 2012-жылдын июнунда жергиликтүү кеңештин чечими менен Садовое айылынын бардык төрт көчөсүнө 15 көчө шамчырак орнотулду (бир көчөгө 3-4 даанадан).

Мында жарыкты туруктуу жана натыйжалуу кармоо проблемасын чечүүгө туура келди, анткени жергиликтүү бюджетте көчө жарыгынын акысын төлөө жана күйүп кеткен лампаларды алмаштыруу каралган эмес. Ошондо ойго келбеген чечим алып, ар бир шамчыракты жакын отурукташкан үйгө байлап, үй ээлери жарыктын өз маалында күйүп жана өчүп турушуна көзөмөл кылуу тапшырылган. Лампаларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 75 миң сом бөлүнгөн (башка материалдарды жана иштерди – трубаларды, кабелдерди жана орнотуу акысын эске алуу менен ар бир лампага 5 миңден сом).

Натыйжалар

Кубат Супатаев негизги максатка жеттик деп эсептейт: “Биз айыл өкмөтүнөн көчө шамдарын сатып алып жана орнотууга каржылык жардам сураганбыз, андан кийин бардык 15 шамчыракты кармоо жагына жоопкерчиликти калк өз мойнуна алган. Ар бир түтүн электр кубаты үчүн айына 10 сомдон төлөйт, бардык техникалык бузуктарды да өзүбүз оңдойбуз. Лампаларды алмаштырганга, майда-чүйдөсүн оңдогонго айылда өз электриктерибиз бар. Бул үчүн биз ЖӨБ органына ыраазыбыз жана мындан ары айылдын башка жактарына да жарык киргизебиз”.

Айыл жашоочулары да ыраазы: эми күн батаары менен балдарды үйгө кубалап кириш кажет эмес, алар көчө жарыгында ойной беришсе болот. Чоңдор да шамчырактын алдына өз кызыкчылыктарына жараша чогулуп алып, турмуш, сүйүү жана саясат тууралуу баарлашат…

Пенсионер Александра Александровна Сычкова мындай дейт: «Биздин көчөдө шам күйгөнүнө эки эле күн болсо да, өзгөрүштөр дароо байкалды: көңүл ачылып, карылар камаарабай ары-бери басышат, балдар караңгыга чейин коркпой ойношот». Дагы бир пенсионер Өмүрбек Мухамедович Сурантаев болсо пайдалуу жагын белгиледи: «Биерде баарыбыз мал кармайбыз, караңгыда качан малыбызды айдап кетет деп коркуп жашачу элек, эми шам күйгөнү эчтемеден коркпой калдык. Анан да коңшулар эки жакты карап элеңдебей сүйлөшөбүз. Карыялар эле эмес, жаштар да жарыкка кубанууда».

Мындан башка айыл тургундары арыктарды өз демилгеси жана күчү менен тазалап ирээтке келтирип алганына ыраазы. Арыктын баары узак жылдар бою акыр-чикирге толуп, агын суу көчөлөрдө чөлмөк болуп, жолдун баары ылайга батып талкаланып турган эле. Элдин өтүнүчү менен айыл өкмөтү айылга акыр-чикир чыгарган техника алып келди, эл болсо чогулуп, арыктын баарын тазалап чыкты. Акыр-чикирдин ушунча толгонун көрүңүз, аны чыгарганга 5 машина талап кылынды. Эми суу арык менен агып, айдоолорго кетүүдө.

Ивановка айылдык аймактын башчысынын орун басары Канатбек Алиев төмөнкүнү белгиледи: «Айылдын турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн элдин демилгеси менен жергиликтүү бийликтин биргелешип чечкени алгылыктуу иш экен. Албетте жарыкты киргизүү сыяктуу муниципалдык кызматтарды көргөзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. Бирок биз элдин азыр каалаганы эмне экенин, биринчи кезекте кайсы маселени чечүү керектигин, адамдар кайсы жагын өзү көтөрөрүн дайыма эле биле бербейбиз. Садовое айылынын тургундарынын көчө жарыгын андан ары өздөрү көзөмөлдөп көтөрөбүз деген демилгеси биздин мындан аркы иштерибизге дем берди. Бул саамалык айыл аймагынын башка конуштарына үлгү болду. Бул да болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жамааттардын проблемаларды биргелешип чечүү боюнча жаңы ыкмасы болуп калды. Садовое айылынын мисалында айылдык аймактын жана башка айылдардын борбордук көчөлөрүн электр жарыгы менен жекече камсыздоо жана тейлөө жагын көздөп жатабыз. Башка жактарда да адамдар аң-сезимдүүлүгүн көрсөтүп, жарыкты өз маалында күйгүзүү жана өчүрүү жагын көтөрөт деп үмүт артабыз. Электр кубаты тартыш болуп, бир аз эле карызы үчүн электр сатуучу компаниялар электр жарыгын өчүрө салган азыркы шартта мунун мааниси бийик. Бул багытта иштер жүрүп жатат, салымдардын жана иштин көлөмү эсептелип-чоттолууда. Бул жагынан РЭСтин адистери бизге жарам берип жатат, жакын арада жарыктандыруу көйгөйүн биротоло чечебиз.

Бирок айыл көчөлөрүндө жагымдуу шарт түзүү жагы эле ишибиздин негизги жыйынтыгы жана сабагы эмес. Биз негизги багыттарды аныктоодо калк менен тыгыз иштөө канчалык маанилүү экенин жана көйгөйлөрдү биргелешип чечүүдө пикирлеш болуу жагына оогонун байкадык – баарынан маанилүүсү ушул. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү биринчи аткарыла турган иштер калктын өзүнөн чыгып, аны ишке ашыруу боюнча чечим биргелешип кабыл алыныш керек деген чындыкка көзүбүз жетти».

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар