Өз убагында жарыяланган маалымат инвестор менен дос болууга жардам берет

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык аймагы алты айылдан турат, мында 3 300 адам жашайт. Көк-Таш АА алыскы муниципалитеттердин бири болуп саналат, бул жерде район борборуна чейин аралык 110 км түзөт. Райборборго чейин аралык узак болгондуктан калк үчүн актуалдуу маселе – түрдүү маалыматка жетүү.

Эмне жасалды?

Маалыматтык-кеңеш берүүчү кызмат түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жергиликтүү кеңеш маалымат борборун коомдук бирикме катары каттап, борбор менен айыл өкмөтү ортосунда жергиликтүү жамаатка кеңири маалымат берүү үчүн кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду. Жалпысынан демилгени ишке ашырууга 75 000 сом сарпталып, анын ичинен 25 000 сому жана 6 маалымат тактайын даярдоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, уюштуруу техникасын сатып алууга 50 000 сомду “КазахмысГолд Кыргызстан” тоо-кен компаниясы бөлдү. Маалымат борбору Көк-Таш айыл өкмөтүнүн иши, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, элеттик өкмөттүн иш планы тууралуу кабарлар жарыялана турган маалымат тактайларын орнотуу менен өз ишмердүүлүгүн баштады. Ошондой эле тактайлар айылдыктарды “КазахмысГолд Кыргызстандын” иши, бош орундар, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтер тууралуу маалымдап турат.

Маалыматтык-кеңеш берүүчү кызмат иштегенден бери 269 көкташтыкка ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди толтурууда жана кеңеш алууда жардам көрсөтүлдү. Мунун натыйжасында айылдын 184 тургуну “КазахмысГолд Кыргызстан” компаниясына ишке орношту. Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен түрдүү инстанцияларга 25 кат даярдалды жана жиберилди. Аярлуу 10 үй-бүлө үчүн материалдык жардам көрсөтүлдү. Калкка “КазахмысГолд Кыргызстандын” ишинин айланасындагы экологиялык абал тууралуу маалымат берилди. Маалыматтык борбордун демилгеси менен “Жүргүзүлүп жаткан иштердин айлана-чөйрөгө таасири жана кесепеттери” аттуу темада коомдук угуулар уюштурулду. Маалымат борборунун ишинен улам акыркы эки жылда Тоо-кен компаниясынын иши боюнча калк тарабынан бир да нааразылык акциясы өткөн эмес. Бул болсо чоң жетишкендик.

Айыл тургундарынын пикирлери

“«КазахмысГолд Кыргызстан» тоо-кен компаниясында бош орун тууралуу маалыматты мен Маалыматтык-кеңеш берүүчү кызматтан алдым. Анын кызматкерлери мага зарыл болгон документтерди толтурууга жардам берип, мен ишке орноштум жана ушул күнгө чейин иштеп жатам. Мен маалыматтык кызматтын ишине ыраазымын”.

“Эгерде Кыргызстандагы ар бир уюм ачык-айкын иштесе жана маалыматты ачык берип турса, инвесторлор менен талаш болбойт”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар