Жамаат зомбулукка каршы: колдон келет!

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Октябрь АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Аялдарга карата зомбулук тууралуу көптөн бери жана көп айтып келишет. Бирок кары-картаңдарга жана балдарга карата зомбулук жөнүндө азыраак айтса, кыз ала качуу күндө боло берчү көрүнүш катары каралып калды, мектеп рекэтчилиги тамырын жайууда, ал эми жалгыз калган карылар көбөйүүдө. Ушул көйгөйлөрдүн баарын коом менталитеттин, салттардын күчтүү болгонунан улам жаап-жашырып келет. Андыктан курмандыктардын санын так аныктоо өтө кыйын. Анын үстүнө күбөлөр да, күнөөкөрлөр да, курмандыктар да үн катпайт. Ушул кезге чейин эч ким буга чындап киришпей жатат. Бирок Октябрь аймагынын жамаатын орто мектепте окуган кыздар арасында эрте турмуш куруу окуялары ойготту. Биринчи жолу бул маселени ачык айтып, Зомбулукту алдын алуу боюнча комитет аркылуу эрте турмуш курууну алдын алуу боюнча иштер башталды. Бул комитет “Зомбулуксуз аймак” долбоорунун алкагында түзүлүп, иштей баштаган.

Эмне жасалды?

Демилгелүү топтун мүчөлөрү “аялдар баарын жасай алат” түйүнүнүн Ысык-Көл облусу боюнча координатору Банур Абдиевага кайрылып, түзүлгөн кырдаалга карата өз тынчсыздануусун билдиришти. Ошондо орто мектептин жогорку классынын окуучулары менен юристтин жолугушуусу өтүп, анда аялдардын укугу жана аялдарга карата зомбулук тууралуу сөз жүрдү. 2011-жылдын декабрь айында “Лидер – жарандык демилгелер борбору” КБ “Зомбулуксуз аймак” долбоорунун алкагында айылдарда зомбулукту алдын алуу боюнча комитет түзүлдү. Комитеттин курамын АӨ 2012-жылдын 7-февралында №4 чечими менен бекиткен.

Комитеттин биринчи кадамы – айылдарда зом-булук фактыларын аныктоо. Бул үчүн 2012-жылдын январында ар бир түтүндү (205 түтүн) кыдырып чыгышты. Натыйжада аксакалдар кеңешинин төрагасынын, аялдар кеңешинин төрайымынын, жергиликтүү кеңештин депутатынын жардамы менен төмөнкүлөр аныкталды: 2 жаш үй-бүлө, мында күйөөсү аялын дайыма уруп турган; катуу ооруган жана балдары карабай койгон кары аял; өз никесин каттай элек жаш үй-бүлөлөр; мас апасы тарабынан зомбулукка кабылган наристе.

Короолорду кыдырып жүргөн учурда комитеттин байланыш номурлары жазылган, ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты камтыган баракчалар таратылган. Комитет участкалык инспектор, Ак-Суу РИИБнын өспүрүмдөр иши боюнча инспектор, “Лидер – жарандык демилгелер борбору” КБ төрагасы менен биргеликте зомбулуктун бардык учурлары боюнча аракет планын иштеп чыкты. Үч жаш үй-бүлөдө участкалык милициянын катышуусу менен зомбулуктун кесе-петтери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй-бүлө эсепке алынганы жана ал жактагы абал көзөмөлдөнүп тураары айтылды. Анткен менен комитетке зомбулуктун бир курмандыгы кайрылып, күйөөсү эки баласы менен сырт кийимсиз көчөгө кууп чыкканын айтты. Аял “Ысыккөлдүк общинаны өнүктүрүү борбору” КБ убактылуу баш паанек тапты. Бул жерден ага психологиялык жана материалдык жардам көрсөтүлдү. 2012-жылдын февраль айында курмандыктын күйөөсүнүн үстүнөн аксакалдар соту болуп, ага катуу эскертүү жасалды.

Комитеттин мүчөлөрү системалык түрдө активисттер, ардактуу, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү менен чыр-чатактуу үй-бүлөлөрдү кыдырып, баарлашып турушат. Оорулуу кары аял табылган үйдө анын туугандары менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн соң, балдар аны үйүнө алып кетишти. Комитет кыз ала качуу боюнча маалымат камтыган баракчаларды таратып, өнөктүк жүргүздү. Ж.Асаналиев ат. орто мектептин жогорку классынын окуучулары шар учуруп, акция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө окуучулар ала качууга катышпоо жана аны токтотуу тууралуу сөз беришти. Мектепте “Зомбулукту токтотобуз” темасына мыкты дил баянга жана сүрөткө сынак жарыяланды. 2012-жылдын 9-мартында комитеттин мүчөлөрү, мектептин жогорку классынын окуучулары ала качуунун курмандыгы болуп, өз жанын өзү кыйган кыздардын элесине арналган акцияга катышты.

2012-жылдын март айында окуучулар үчүн аялдарга карата зомбулук тууралуу “Кыргыз туткундары” аттуу тасма көрсөтүлдү. Катталбаган үй-бүлө куруу көрүнүшүн токтотуу максатында эки жаш үй-бүлө үчүн нике каттоо бөлүмүнүн кызматкерин чакыруу менен никени каттоо салтанаты өткөрүлдү. 2012-жылдын январында комитет “Үлгүлүү үй-бүлө” иш-чарасын уюштурду. Анын жүрүшүндө 40 жылдан бери чогуу отун булатып, 5-10 бала тарбиялаган үй-бүлөлөр аныкталды. Бул үй-бүлөлөргө Ардак грамоталары тапшырылды. Бул иш-чара жаш үй-бүлөлөрдүн, жаштарды үй-бүлө маселелерине, энелерге, аялдарга көңүл бурдуруу максатын көздөдү. Ал эми 8-мартта салтанаттуу иш-чара өтүп, анда ар кандай белгилүү аялдардын тагдырлары жөнүндө сөз болуп, комитеттин демилгеси менен айылдын балалуу аялдарына арналган календарь даярдалды. Айылдан сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон аялдардын саламаттыгын жакшыртуу максатында гинеколог чакырылып, ал аялдарды текшерип, кеңеш берип, бойго бүтүүдөн сактаган дарыларды таратты (2012-жыл, апрель).

Комитеттин демилгеси боюнча айылдагы 5 аял Кызыл жарым айдын облустук бөлүмүндө тигүү жана бычуу курсунан бекер өттү. Августта комитеттин демилгеси боюнча “Чебер колдор” жамааты түзүлүп, катталды. Ал адамдарды социалдык жана экономикалык маселелерди чечүү үчүн бириктирүү максатын көздөйт. Жогорку класстын окуучулары арасында достукту чыңдоо жана балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында жогорку класстын окуучулары үчун Каракол шаарындагы музейге экскурсия уюштурулду. Жогорку класстын окуучуларына жана айылдын башка тургундарына психолог менен кеңеш уюштурулуп (2012-жыл, январь), “Жаңжалды чечүү” темасына семинар өткөрүлдү. 2012-жылдын апрель-март айларында “Ысыкөлдүк общиналарды өнүктүрүү борбору” КБ кызматкерлери тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу бир катар семинарлар уюштурулду. Ал эми “Лидер – жарандык демилгелер борбору” КБ жардамы менен айылдын жигиттери үчүн бизнести пландоо боюнча семинар өттү.

Долбоор 2012-жылдын апрель айында аяктаганына карабастан Зомбулукту алдын алуу боюнча комитет өз ишин улантууда. Комитет 2012-2013-жылдарга иш планын иштеп чыкты: комитеттин кура-мына ФАП кызматкерлерин, жергиликтүү молдону, орто мектептин окуу жетекчисин кошуу менен аны кеңейтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү; комитеттин мүчөлөрү, аялдар кеңеши, жаштар үчүн бир катар семинарларды өткөрүү; аялдардын укугунун бузулушу, кыз ала качуу боюнча жаштар жана аялдар арасында маалымат өнөктүгүн жүргүзүү; аялдардын, балдардын, карылардын укуктарынын бузулушу боюнча юрист менен консультация өткөрүү; эрте турмуш куруунун кесепеттери тууралуу гинекологдун лекцияларын өткөрүү. Комитет зомбулуктун курмандыктарын табуу, аларга жардам көрсөтүү, бул окуяларды аксакалдар сотунда кароо жана аларды кризистик борборлорго жиберүү иштерин уланта берет.

Натыйжалар

Жергиликтүү демилгени жайылтуу боюнча башкы натыйжалардын бири – калкты зомбулукту болтурбоо жөнүндө маалымдоо жана зомбулук көйгөйүн чечүүдө жергиликтүү жамаатты активдештирүү. Орто мектептин окуучуларын активдештирүүнү да өзүнчө белгилеп коюш керек. Эсепке алынган үй-бүлөлөрдө зомбулук көрүнүшү солгундап, карыларга көбүрөөк көңүл бурулуп калды, башка айылдын тургундары да кайрылган учурлар бар. Комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат айылдык кеңештин сессиясында угузулуп, колдоого ээ болду. Кеңештин алдында аялдар кеңеши, жаштар комитети үчүн каражат бөлүү маселеси коюлду. Бул маселелер азыркы тапта каралууда. Комитеттин арызы боюнча оорулуу кары аялга чатырын жаап берүү боюнча жардам көрсөтүлдү. Комитеттин демилгесин жергиликтүү калк жана ЖӨБ органдары активдүү колдоп келишет. Тажрыйба тууралуу маалымат 2012-жылдын 13-январында “Ысык-Көл кабарлары” гезитинде жарыяланып, “Немного обо всем”, Karakol.name, Kushkabar.kg сайттарында да маалымат чыкты.

Айылдын бардык тургундары комитеттин ишмердүүлүгүнө оң гана баасын берүүдө. Бир топ адамдар көпчүлүк үй-бүлөлөрдө өзүмбилемдик болуп, күйөөлөрү аялдарын сабап жатканда, карылар жана балдар зомбулукка кабылганда калк менен ушундай иштер буга чейин болбогонуна өкүнүп турушат.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар