Таштандыны жеңсе болот!

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл АА ийгилик баяны

 Көйгөйдү сүрөттөө

Төрт-Күл айылдык аймагында негизги көйгөй – таштанды. Ар бир көчөдө, айылдын четинде, суу түтүк колонкаларынын жана каналдардын жанында – бардык жерде таштанды туш келди чачылып жатат. Ал жерде целлофан баштык, же бөтөлкөлөр гана эмес, мышык, иш жана үй канаттуулардын өлүктөрү да жатат. Бул адамдардын саламаттыгына эбегейсиз чоң зыянын тийгизүүдө. Үч айылдын тургундары ичеги ооруларынан көп жабыркашат. Кышында кырдаал оорлойт. Таштанды аккан сууга аралашкандын эсебинен арыктагы суу көтөрүлүп, арыктар жабылып, суу арыктардан чыгып, айылдагы жолдорду жууп кетет, мындан улам чуңкурлар пайда болуп, алар калктын атүгүл жөө басканына да тоскоол жаратууда.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында 3 муниципалитетти тандап алды. Алардын катарында Төрт-Күл АА да бар. Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлуп, ага ылайык, ЭКБА-иш-чараларынын өткөрүү жолу менен артыкчылыктуу маселени аныктоо боюнча иштер башталды. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө калк таштанды маселесин чечүү үчүн ошону артыкчылыктуу деп тандап алды жана тастыктады. Ошентип айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен биргеликте “Таза жашоо” долбоорун ишке ашыра баштады.

Эмне жасалды?

Төрт-Күл айылдык аймагынын бардык айылдарынын тургундары айыл өкмөтү калк менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштер тууралуу кабардар болушу үчүн муниципалитет “Катуу тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча кызмат көрсөтүү” темасында коомдук угууларды өткөрдү.

Коомдук угуулар таштанды менен күрөштүн белгилүү бир баскычынын жыйынтыгын чыгарды. Көйгөй аныкталды, аны чечүүнүн актуалдуулугу жана зарылчылыгы жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органдары тарабынан таанылып, чечүү жолдору иштелип чыгып, алгачкы кадамдар жасалды.

Натыйжалар

Калк тарабынан сунушталган идеяларды айыл өкмөтү старосталар, кварталчылар менен талкуулап, жыйынтыгында 16 стационардык кумблок контейнерлерди куруу чечими кабыл алынды.

Анткен менен жергиликтүү тургундардын баары эле таштанды чогултуу үчүн 70 сом өлчөмүндө (айылдык кеңештин 2012-жылдын 29-мартындагы чечимине ылайык) акча чогултуп бербегендиктен болгону 8 стационардык кумблок контейнер жасалды. Ушул тапта тургундар ошол контейнерлерди колдонууда. Ал эми алар орнотула элек жерлерде анын курулуш пландалды. Натыйжада аймактын тегерегиндеги таштандылардын саны бир кыйла азая түштү.

Версия для печати: print

Иш-чаралар