Жайлоодогу бала бакча

Ысык-Көл облусунун ийгилик баяны Тоң районундагы Төрт-Күл АА ийгилик баяны

 Маселенин тарыхы

Жыл сайын Төрт-Күл айылдык аймагынын малчылары жайытка чыгышат. Айтбек Алымбеков жана анын жубайы Анара бала бакчанын тарбиячыларына алар жайытта жүргөн кезде баласын мектепке даярдап берүүнү өтүнүп кайрылышат. Буларга окшогон малчылар Төрт-Күл айылдык аймагында толтура. Айбек жана анын жубайы кайрылгандан кийин малчылардын балдары үчүн жайкы бала бакчаны жайытта эле ачуу идеясы пайда болду. Идея жаңы жана татаал. Демилгелүү топ түзүлдү. Бул идеяны укканда малчылар абдан жакшы кабыл алып, колдошкон эле. Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана айыл башчы демилгечилерге палатка, генератор, DVD ойноткуч, генератор үчүн солярка жана күйүүчү май берип жиберишти.

Эмне жасалды?

Малчылардын балдары үчүн бала бакчалары уюштурулаары тууралуу маалымат өнөктүгү айылдык аймактын айылдарында жана жайлоодо жүргүзүлдү. Демилгечилер бала бакчанын чыгашаларын, балдардын санын эсептеп чыгышты. Өз кезегинде айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берди. Зарыл сандагы окуу китептерин, оюнчуктарды, канцелярдык товарларды ж.б. сатып алышты. Бала бакчанын окуу программасы мурда эле иштелип чыккан жана бул программа боюнча малчылардын балдарын кабыл ала башташты. Бала бакчанын тарбиячылары окуу программаларын даярдашчу. Бакчага 30га жакын бала, анын ичнде башка айылдык аймактардан да жеткинчектер келип турду. Балдар жакшы көргөн мультфильмдерин көрүп, ар кандай оюндарды үйрөнүп, санаганды, жазганды, окуганды үйрөнүштү.

Натыйжалар

Окуу жылына балдар даяр болуп келишти, айрым мектеп программаларын да өтүп коюшту. Балдар убактысы натыйжалуу жана кызыктуу өткөрүштү. Ата-энелер бала бакчаны уюштургандарга ыраазы болушту.

Айыл тургундарынын пикирлери

“Бизге мындай бала бакча 10 жыл мурда эле керек болчу”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар