Жумушсуздук менен күрөшүү

Жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн курамына 13 адам кирген комитет түзүлдү...

Көйгөйдү сүрөттөө

Додомол айылында “Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү” Долбоорун ишке ашыруунун алкагында 30 балага эсептелген “Наристе” бала бакчасы ачылды. Бала бакча үчүн жайды жергиликтүү тургун берди. Адегенде бала бакча 3 саат гана иштейт деп эсептелген, балдар тамактанбай, эс албай, жөн гана мектепке даярданмак. Бирок көп өтпөй, ата-энелер балдары бала бакчада бир күн кечке жүрүшү үчүн жардам берүүнү чечишти.

Эмнелер жасалды?

Тургундардын жана ата-энелердин демилгесименен бала бакчага жабдуу киргизилип, 80 000 сомго матрац, жууркан, жаздык, төшөнчү сатып алынды. Бала бакчанын дубалдарына балдар жомокторундагы каармандардын сүрөттөрү тартылды. Элеттиктер мекемеге улуттук табериктерди белекке беришти.

Натыйжасы

Бала бакчанын иштеши балдарга мектепке чейин билим алууга, мектепке даярданууга, жалпы маданиятын жогорулатууга жол ачты. Мындан тышкары балдар толук кандуу тамактанып калышты. Бул үй шарттарында мүмкүн эмес болчу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да жардам көрсөтүп турат. Алардын колдоосу имараттын ремонтуна кар-жылык жардам көрсөтүүдө жатат.

Автор: Иманбек БОРБОЛДОЕВ, АӨ социалдык маселелер боюнча адиси 

Версия для печати: print

Иш-чаралар