Балдарга – бала бакча, улууларга – иш

Жергиликтүү тургундар турмуштук сабак алышты: мамлекет бардык маселелерди чечип берет деп күтүп отура бербеш керек.

Көйгөйдү сүрөттөө

Кызыл-Туу аймагында 20 айыл бар, ал жерлерде 25 миңден ашуун адам жашайт. Бирок бир дагы мектепке чейинки билим берүүчү балдар мекемеси жок. Бакчанын жоктугунан кичинекей балалуу аялдар жумушка орношо албай келишкен.Бакубат жашаган ата-энелер өз балдарын шаардагы же башка айыл аймагындагы бала бакчаларгаорноштуруп коюшкан. Бирок аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн капчыгы буга туура келбейт. Ошол эле учурда кароосуз калган балдар кырсыкка кабылган учурлар катталган. Балдар сууга чөгүп кетип, же машиненин дөңгөлөгү алдында калышкан. Анын үстүнө көп балдарда жетишүүчүлүгүнө байланыштуу маселе жарала баштаган.

Эмнелер жасалды?

Бул көйгөйдү чечүү үчүн айылдын активисттери,депутаттар, демилгелүү топтор күчтөрүн мобилдештирди. 2012-жылы Кызыл-Сенгир айылында активисттер имаратты ремонттоп, ал жерде бала бакча ачууну пландаштырган. Алардын демилгесин жергиликтүү тургундар, айыл өкмөтү жана эл аралык уюмдар колдоп беришти. АӨ адистери долбоор түзүп, ал үчүн 1,9 миллион сом дем берүүчү грант, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом алышты. Ушунча каражатты жергиликтүү тургундар да чогултуп беришти. Дагы 530 миң сомду ЮНИСЕФ бөлүп, ал каражатка жабдуулар, китептер, оюнчуктар сатып алынып, жаңы даараткана курулду. Бала бакчада жылуулук системасы марафондун натыйжасында чогулган 150 миң сом каражаттын эсебинен орнотулду. Ал эми бала бакчадагы тосмону демөөрчүлөр орнотуп берди.

Натыйжада жалпы аракеттер менен айылда бала бакча ачылып, ага 102 бала барууда. Ал эми бала бакчада иштеген кызматкерлердин маянасын айыл өкмөтү төлөп берүүдө.

Натыйжасы

Жергиликтүү тургундар турмуштук сабак алышты: мамлекет бардык маселелерди чечип берет деп күтүп отура бербеш керек. Бардык аракеттерди бириктирип, билекти түрө киришиш керек. Элеттиктер өз мүлкүнө да аяр мамиле жасай башташты. Анткени бала бакча – бул жалпы жергиликтүү коомчулуктун менчиги.

Бала бакчанын ачылышы менен башка көйгөйлөр да чечилди: жаш ата-энелер иш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, балдар коопсуз жайда, билимдин сапаты жогорулады. Эң негизгиси – адамдар аракеттерин бириктирип, пайдалуу тажрыйбага ээ болушту.

Бул жылы Жаңы-Ачы айылында бала бакчаны ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты. Ушул тапта ал үчүн имаратты ремонттоо иштери жүрүп жатат.

Элдик трибуна

А. АЛДОНОСОВА, мугалим: “Биз, жаш үй-бүлөлөр үчүн бала бакчанын ачылышы чоң окуя болуп калды. Анткени мен мугалим болуп иштейм жана күн сайын балдарымды шаардагы бала бакчага жеткирип турчумун. Бул өтө көп убакытты жана күчтү алчу. Бул маселе эч качан чечилбейт деп ойлочубуз. Бирок бала бакчанын ачылышы менен бизде айыл өкмөтүнө ишеним пайда болду”.

Автор: Арстанбек АСАНОВ, АА башчысы 

Версия для печати: print

Иш-чаралар