Бала бакча байлык эмес

Бала бакча иштеп жатат, элүү бала күн сайын ал жерде тарбиячылардын көзөмөлү алдында жүрөт. Бакча 100 балага эсептелген.

Көйгөйдү сүрөттөө

Бала бакчалар жана мектепке чейин билим берчү башка мекемелер акыркы жыйырма жылдан бери биздин жашообуздан жоголо баштады. Аларды менчиктештирип алып, дүкөндөргө, кеңселерге айландырып, же каржылоонун жоктугунан такыр эле жаап салышты. Бешик-Жон АА төрт айылдан турат. Анын аймагында 2651 үч чарбачылыгы бар. Жети жашка чейинки балдардын саны 1380 болгонуна карабастан 50 балага эсептелген бир гана бала бакча бар.Статистиканын өзү бул канчалык курч маселе экенин көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө жумушсуздуктунайынан жаш үй-бүлөлөр өз балдарын ата-энесине калтырып коюп, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүдө.Кары адамдар адатта неберелерин кароого алы деле болбой калат. Натыйжада балдарга улуулар тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай калууда. Айылда чоң энеси үй оокаттары менен алектенип жатканда үч жаштагы бала дайынсыз жок болуп кеткен окуяны бүгүнкү күнгө чейин айтып жүрүшөт. Баланын жансыз денесин 10 күндөн кийин гана табышты.

Андыктан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында ЭКБА-сессиялары өтүп жатканда бала бакчаны уюштуруу маселеси артыкчылыктуу катары аныкталган.

Эмнелер жасалды?

Бала бакчанын курулушуна бюджеттен акча табылган жок. Андыктан жергиликтүү тургундардын көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча аны Мамбеталиев ат.баштапкы мектептин имаратында уюштурууну чечишти. Планды ишке ашыруу үчүн Миндайым АРЗИЕВАнын жетекчилиги алдында 14 адамдан турган “Билим” демилгелүү тобу түзүлдү. Ушул жылдын жаз айында АРЗИЕВА долбоор даярдап, ЭҮЖӨБОЖБП Долбоорунун гранттык программасына сынакка жиберип, бирок утпай калган. Анткен менен бул нерсе элеттиктерди токтото алган жок. Топ калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыкты. Калк демилгени колдоп берип, 50 матрац, 50 комплект жууркан,50 жаздык, 10 кол жуугуч, ашкана үчүн 1 электр мешин, оюнчуктарды, 50 кишиге идиш-аяк, муздаткыч сатып берди. Жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом бөлүнүп, ага жергиликтүүлөрдүн аракети менен кудук казуу, аймактын 230 метрине тосмо, дарбазаларды орнотуу ж.б. иштер жасалды. Демилгелүү топтун сунушу менен кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, анда 620 миң сом чогулду.

Натыйжасы

Бала бакча иштеп жатат, элүү бала күн сайын ал жерде тарбиячылардын көзөмөлү алдында жүрөт. Бакча 100 балага эсептелген. Ата-энелердин санаасы тынчып, өз иштерин бүтүрө берсе болот. Өзгөчө бош убакыт тапкан аялдар бала бакчага жетине албай турушат. Бардык айыл үчүн жалпы болгон тапшырманы аткаруу адамдарды бириктирди, калк бала бакчанын аймагын көрктөндүрүп чыгууда чоң активдүүлүк көрсөттү. ЖӨБ органдары көңүл буруп жана кам көрүштү, мектепке чейинки билим берүүнү уюштурууга чоң көмөк көрсөтүштү. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 362 миң сом сарпталды. Алардын ичинен калктын салымы – 112 миң сом болду.

Элдик трибуна

Ырысбү АБДЫКАЛЫКОВА, пенсионер: “Жаңы муунду тарбиялоо – бул бүгүнкү күндө эң эле артыкчылыктуу маселе. Ал эми ал болсо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен башталыш керек. Бул бакчада билим жана тарбия көргөн балдар татыктуу жаран болуп чоңоюп, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошушат деп ишенем”.

Батма КАДРБАЕВА, АК депутаты: “ЭҮЖӨБОЖ долбооруна ЭКБА сессияларын өткөрүү маалында бизге артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап алууну, өз күчү менен маселени чечүү жолдорун үйрөткөнү үчүн ыраазыбыз”.

Тынчтык АБДЫЛАЗОВ, Аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Бул бала бакчанын ачылышын мен эн чоң жетишкендигибиз деп эсептейм”.

Автор: Жумалы БУРКАНОВ, АА башчынын орун басары 

Версия для печати: print

Иш-чаралар