Тарых музейи

Музейди мугалимдер тобу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айылдын,өлкөнүн тарыхына кызыккан элеттиктер негиздеди.

Көйгөйдү сүрөттөө

Светлая Поляна район борбору – Кызыл-Суу поселогунан 8 километр алыстыкта жайгашкан көп улуттуу, өтө кызыктуу тарыхы бар айыл. Айыл башка жактан көчүрүлүп келген орус жана украин тарабынан негизделген, кийинчерээк бул жерге өзөндө жашаган кыргыздар көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө бул жерде 3487 адам жашайт. Окуу эки тилде тең жүргүзүлгөн орто мектеп бар. Мурда тарых кабинетинде өтө баалуу буюмдар сакталган, бирок алардын көбү жоголуп кеткен. Тарых мугалимдери жаш муун өз жери, айылынын тарыхы жана маданияты тууралуу начар билет деген ишенимде.

Эмнелер жасалды?

Ондон ашык жыл мурда А.Алыбаков атындагы орто мектепте окуучулардын билиминдеги боштуктарды толуктай турган тарыхый музей ачылган.Максаты – өсүп келаткан муунда Мекенге болгон сүйүүнү, өткөн чакка карата сый мамилени, эмгекке болгон умтулууну пайда кылуу үчүн маданий, тарыхый баалуулуктарды сактап калуу, музей экспонаттарын, жазуу материалдарын чогултуу.

Көп мезгилден бери бул жакта жашап жатканда,тиги же бул окуянын күбөлөрү өтө баалуу маалыматты бере алышты. Андыктан ошол маалыматты чогултуп, жазып коюу керек эле.

Музейди мугалимдер тобу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айылдын,өлкөнүн тарыхына кызыккан элеттиктер негиздеди.Экспонаттарды чогултууга “Баалуу музей экспонаты”, “Мыкты издөө тобу” сынактарына катышкан, витриналарды, орундуктарды, такталарды жасап берген мектептин окуучулары да активдүү киришти. Бүгүнкү күндө музейдин фондунда 817 экспонат бар. Анын чоң бөлүгүн асыл нускалар түзөт. Үч жыл мурда алардын саны мындан эки эсе аз болчу. Бул материалдардын баарын окуучулар жана алардын ата-энелери чогултуп беришти. Жыл сайын музейге миңге жакын адам келип турат. Эң кызыгы, окуучулар экспонаттарды башка айылдарда жашаган туугандарынан да ала келишет. Жыл сайын мектеп музейинин Кеңеши музейдин иш планын кабыл алат. Бул планга ылайык,төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлүп турат:согуш жана эмгек ардагерлери менен жолугушуулар, тарыхый даталарга байланыштуу декадалар, апталыктар, көргөзмөлөр, көчө майрамдары, сабактар, дарстар, тарыхый темаларга кечелер, баарлашуулар, экскурсиялар. Бул иш-чараларга айыл тургундары, мектеп окуучулары активдүү катышат. Биздин музейде Сарт аке жана Тилекмат аке өңдүү XIX кылымдын коомдук ишмерлеринин өмүр баяндарын изилдөө өзгөчө орунду ээлейт. Алар айыл менен тарыхый байланышта турушат. Анткени айылда алардын урпактары жашайт.

Музей жетекчилигин акы албастан тарых мугалими ТӨЛӨГӨНОВА Г. ишке ашырып келатат. Ал чыныгы жигер. Өзүнүн чакан маянасын витриналарды, текчелерди, сүрөттөрдү, китептерди жаңыртууга сарптайт.

Натыйжасы

Жетишкендик – музей уникалдуу асыл нускаларды сактап кала алды. Музейдин эң чоң баалуулугу – 1800-жылы чыккан, орус көчмөндөрү ала келген “Слово о полку Игореве” адабий чыгармасы. Бул жерде XIX кылымдын күмүш буюмдары, XVIII-XIX кылымдардагы чопо идиштер, териден жана жыгачтан жасалган идиш-аяктар, көчмөн кыргыздын тиричиликтеги предметтери, XIX кылымдагы кашгардык жезден жасалган кувшин, медалдар, тыйындар жана башка көп нерселер бар. Өзүнчө материалдарды жарыялоо үчүн жергиликтүү гезит менен байланыш түзүлгөн. Ушул тапта музей иштеп жаткан балдар уюму катары эсепке алынып, мектеп музейлери боюнча республикалык сынакка катышып жатат. Жеңүүчү кийинки жылы аныкталат.

2005-жылы айылда Улуу Ата мекендик согушка арналган мемориалдык комплекс ачылган. Комплекстин жанында – жаш сейил бак. Анын тазалыгы жана бак-дарактарды убагында сугарып турууга му-зейдин издөө тобу көз салып турат. Бул долбоордун бенефициарлары – айылдын бардык тургундары. Кичинесинен карысына чейин – бардыгы.

Элдик трибуна

Урмат АЛЫБАКОВ, айыл тургуну: “Музей кызматкерлери биздин тарыхка, биздин адамдарга болгон кызыгууну пайда кылууда.Алар баалуу экспонаттарды издөө иштерин улантып жатышат. Бул өсүп келаткан муунду тарбиялоодо өтө маанилүү иш”.

Авторлор: Гүлнура ТОЛОГОНОВА,музейдин жетекчиси,
Рахат АБДИЕВА, мектеп директору 

Версия для печати: print

Иш-чаралар