Жалал-Абад облусунун Баймундуз айылындагы токсон бала жаңы “Баястан” бала бакчасына барышат

Бул кубанычтуу окуяны жергиликтүү тургундар менен кошо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү белгилешет.

2014-жылдын 17-декабрында Жалал-Абад облусунун Бешик-Жон айылдык аймагына караштуу Баймундуз айылында “Баястан” бала бакчасынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул кубанычтуу окуяны жергиликтүү тургундар менен кошо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү белгилешет. Жаңы ачылып жаткан бала бакчага эми 90 наристе бара алат, ал эми бул балдардын ата-энелеринде чарба жүргүзүү жана жумушка орношуу үчүн көбүрөөк убакыт пайда болот.

Бешик-Жон АӨ башчысы Алтынбек Адишовдун айтымында, 2012-жылы аталган бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн. сом бөлүнгөн. Бирок бул каражат курулушту аягына чыгаруу үчүн жетпей калган. “Биз ишибизди жергиликтүү бюджеттин эсебинен баштаганбыз. Бирок курулуш иштери токтоп калган, - дейт ал. – Бала бакчанын курулуш иштерин бүткөрүү үчүн 2013-жылы Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) Чакан гранттар программасына табыштама бергенбиз. 2013-жылы сынакка катышкан жана жеңүүчүлөрдөн кийин эле эң көп упай топтогон табыштамалардын ичинен донор берген кошумча каржылоонун эсебинен колдоо көрсөтүлө турган 10 долбоор тандалып алынган. Ошолордун арасында биздин да муниципалитет бар болчу. Швейцария Өкмөтүнүн чечими менен 1 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүндү. “Баястан” бала бакчасынын курулушу боюнча долбоордун жалпы суммасы 6 млн. 249 миң сомду түздү. Анын ичинен 2 млн. 199 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, 2 млн. 700 миң сомду Финансы министрлиги дем берүүчү грант түрүндө бөлдү, ал эми 350 000 сомду жергиликтүү тургундар чогултуп берди”.

Бала бакчанын жетекчиси Сейдиева Гүлзат жасалган иштер жана алдыдагы пландар менен мындайча бөлүштү: “2012-жылы эле чогулушта “Билим” Демилгелүү тобу ишке ашыруу үчүн долбоорду сунуштаган. Жергиликтүү тургундар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бала бакчанын курулушу боюнча ушул долбоорго колдоо көрсөтүүнү чечишти. Бул абдан маанилүү чечим болуп калды. Анткени айыл боюнча бир дагы мектепке чейинки мекеме жок болчу. Эми 90 наристе бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, 13 тургун үчүн жумуш орундары түзүлдү. Балдардын ата-энелери, өзгөчө апалары “баламды кайда алып барсам” деп ойлонбой калды. Эми алар өзүнө кам көрүп, ишке орношо алат. Бул албетте үй-бүлөлүк бюджетке да жакшы таасирин тийгизет. Жаңы бала бакча – бул биздин айылдын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизчү жаңы мекеме”.

Курулуштун жүрүшүндө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун көмөгү менен айыл өкмөттүн кызматкерлери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча “Мамлекеттик сатып алууларга карата КР мыйзамдарынын талаптарынын негиздери” аттуу темада атайын окуудан өтүштү. Бешик-Жон АӨ өз алдынча өткөргөн жана курулуш иштерин соңуна чыгаруу максатында жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча “Абдилазов” ЖИ подрядчы уюму жеңүүчү деп табылды. Аталган уюм 2014-жылы курулуштун жыйынтыктоочу жумуштарын ишке ашырды: төшөлмө жайылып, жылуулук киргизилип, канализация системасы өткөрүлүп, дубалдар жаңыланды. Ошондой эле айыл тургундары өздөрү эмеректерди, төшөнчүлөрдү, килемдерди, балдардын билим алуусу үчүн зарыл болгон буюмдарды сатып алышты; бала бакчанын тегереги тосулуп, көрктөндүрүлдү. Биргелешкен аракеттер менен айыл жашоочулары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маселени чогуу чечип, жаңы мектепке чейинки мекемени ача алышты.

Версия для печати: print

Иш-чаралар