Жаш мамлекетчилер муниципалдык башкаруу чөйрөсүн өзгөчө өздөштүрүүдө, 14.05.2018

Кыргыз Республикасындагы түрдүү жогорку окуу жайлардын жаш изилдөөчүлөрү, студенттери жана окутуучулары өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулаш үчүн жолугушат. Иш-чара 2018-жылдын 14-майында 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын 30-мартына чейин Кыргызстанда өткөн баяндамалар конкурсунун жыйынтыктоочу иш-чарасы катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өттү.
Конкурстун жана конференциянын максаты – болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, көйгөйлөрүнө жана келечегине буруу.

Иш-чаралар