Кызыл-Октябрь муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 6 айылда жашаган 140 бала үчүн транспорт уюштурушту, 01.06.2018

2018-жылдын 1-июнь күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын Кашкелең айылында “Келечек каттамы” салтанаттуу түрдө ишке берилет. Каттам – бул балдарды мектепке жана бала бакчага ташып туруу үчүн айыл өкмөтү сатып алган чакан бустун иши. Муну “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүн болду. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келатат.

Иш-чаралар