Кыргызстанда окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча алгачкы Окуу-методикалык жыйнак жарык көрдү , 27.08.2018

10-11-класстын окуучулары үчүн Окуу китебинен жана Жумушчу дептерден, мугалимдер үчүн Усулдук окуу китебинен турган Окуу-методикалык жыйнактын бет ачары 2018-жылдын 23-августунда “Парк-отелде” өттү.
“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагын Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши жактырган (2016-жылдын 30-ноябрындагы №10 протоколдон көчүрмө). ОМЖ басып чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу планынын мектептик компонентинин эсебинен класстан тышкаркы сабактар үчүн “Адам жана коом / Экономикага киришүү” курсунда, ошондой эле факультативдерде жана ийримдерде колдонууга сунушталган.
ОМЖ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 5-11-класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча Базалык компетенциялардын (билимдин, шыктардын, көндүмдөрдүн жана жүрүм-турумдун) стандарттарына шайкеш келет. Бул Стандарттарды 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Т.Абдыгулов 2017-жылдын 27-декабрында бекиткен.
Басылма Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) биргелешкен ишинин алкагында даярдалды. Китеп Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүу жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, ӨСИ аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу менен чыкты.

Иш-чаралар