Пресс-сессия: 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттери: Элеттик муниципалитеттерде өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?, 12.12.2018

Көпчүлүк шаарлардын жана айылдардын өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? Жергиликтүү бюджеттер 2019-жылы кандай болот? Жергиликтүү бюджеттердин үлүшү чоңойдубу? Территориалдык чоң айырмачылыктар сакталабы же кыскарабы? Муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен бирге өз алдынчалыкты сактап калууга акча каражаттары барбы? 2019-жылдын бюджети аймактарга эптеп күн өткөрбөстөн, өнүгүүгө кадам таштоосуна жардам береби?
Ушул жана башка көйгөйлүү маселелер 2018-жылдын 11-декабрында “Нур” пресс-борборунда өткөн “Жергиликтүү бюджеттер: өзгөрүүлөрдү үмүт менен күтүү” деген аталыштагы пресс-сессияда талкууланды. Журналисттер менен жолугушууга Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ | DPI) муниципалдык бюджеттер боюнча адиси Азамат Мамытов барды.

Иш-чаралар