Швейцария Нарын, Чүй жана Ош облустарынын муктаж болгон жарандарына муниципалитеттер аркылуу гуманитардык жардам көрсөттү, 27.07.2020

Швейцария өкмөтүнүн каржылоосунда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү ана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору COVID-19 пандемиясынын шартында, Нарын, Чүй жана Ош облустарынын отуз жергиликтүү өз алдынча башкаруусу аркылуу 5000ге жакын муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берүү үчүн 6 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди. Аталган Долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саяссат институту тарабынан аткарылат.
Гуманитардык жардам калктын аярлуу топторунун мүчөлөрүнө биринчи кезекте зарыл болгон тамак-аш: ун, макарон, кум шекер, гречиха, коюлтулган сүт, чай жана өсүмдүк майынан турган азык-түлүк топтому катары берилдии. Ар бир үй-бүлөгө берилген мындай топтомдун баасы 1200 сомдун тегерегин түздү. Жардам алуучулардын тизмесине негизинен кирешеси төмөн жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үйү-бүлөлөр киргизилген.

Иш-чаралар