• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору КР Мамлекеттик кадр...

"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Ардак грамотаны тапшыруу аземи бүгүн, 23-июнда, Бишкек шаарында болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын дараметин күчөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнүн урматына Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Өнүктүрүү саясат институту бул сыйлыкты өзгөчө сыймыктануу менен кабыл алып, мындан ары да өз билимин, мүмкүн болгон эксперттик жана каржылык ресурстарын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарына жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүүгө багытталган иш аракеттерин уланта берет.

 

 

 

 

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар