• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Жергиликтүү демилгелерди колдоо жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору тууралуу Типтүү...

Жергиликтүү демилгелерди колдоо жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору тууралуу Типтүү жоболордун сынамык этабы

Жергиликтүү демилгелерди колдоо жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору тууралуу Типтүү жоболордун сынамык этабы

Аталган Типтүү Жоболорду ишке киргизүү максатында Долбоор тарабынан Чүй облусунун Ленин, Таш-Мойнок жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактары тандалып алынды.

2019-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында "Жергиликтүү демилге - жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү калктын реалдуу катышуусундагы активдүүлүгүн жогорулатуу" деген аталышта семинар болуп өттү.

Иш-чара 2019-жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019 - жылдын 5-сентябрындагы № 01-18/84 буйругу менен бекитилген:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө
  • Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө

Типтүү жоболорун пилоттук түрдө ишке ашыруу максатында уюштурулуп, ага Чүй облусунун Ленин, Таш-Мойнок жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңеш төрагалары, жооптуу катчылары, АКнын бюджеттик комиссияларынын төрагалары, Долбоор менен кызматташуу координаторлору, ФЭБ башчылары, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун, демилгечи топтордун, Аялдар кеңешинин жана Жаштар кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

Семинар Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (#SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору тарабынан өткөрүлдү.

Версия для печати: print

Иш-чаралар