Долбоордун эки максаттуу муниципалитети «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болушту

Долбоордун эки максаттуу муниципалитети «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болушту

Жалал-Абад облусунун 1-Май айылдык аймагы Долбоордун биринчи фазасында, ал эми Нарын облусунун Чаек айылдык аймагы экинчи фазада максаттуу муниципалитет болушкан.

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүлүп келет.

Негизинен сунуштар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2013-жылдын 9-апрелинде № 181 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын негизинде сынак комиссиясы тарабынан айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп: 

  • 1- топко — жетүүгө кыйын, тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл өкмөттөр,
  • 2- топко — биринчи топ менен салыштырганда шарттары жакшы айыл өкмөттөр кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 381-б буйругу менен 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын конкурстук комиссиясынын чечими бекитилип, 6 айыл өкмөт «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болуп, жеңүүчүлөргө байгелер каралган. 

Биринчи топтун арасынан:

  • I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү;
  • II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү;
  • III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

  • I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү;
  • II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү;
  • III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү.
Версия для печати: print

Иш-чаралар