Кыргызстандын ЖӨБ мыкты тажрыйбаларынын Порталынын расмий бет ачары өткөрүлүүдө

Кыргызстандын ЖӨБ мыкты тажрыйбаларынын Порталынын расмий бет ачары өткөрүлүүдө

Бул максатта өлкөнүн жети облусунда жалпысынан 15 жолугушуу өткөрүлөт.

Иш-чаралар 2020-жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейинки аралыкта өткөрүлөт.

Бул жолугушуулардын максаттары төмөнкүдөй:

  • ЖӨБ органдарына ЖӨБ мыкты тажрыйбалар электрондук ресурсунун Порталын тартуулоо
  • “Санарип аймакты” жайылтуу
  • Жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыгына тиешеси бар ЧУА долбоорлорун макулдашуу процессин тартуулоо
  • ЖӨБ органдарына бюджет боюнча сунуштарды тартуулоо (бюджеттер аралык мамилелер) 

Иш-чаранын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу, 
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги (ЖӨБЭММА),
  • Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” жана "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорлору
  • Өнүктүрүү саясат институту

Иш-чарага каржылык колдоо көрсөткөн тараптар:

  • Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана БУУӨП тарабынан аткарылган «Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору
  • Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган жана Хельветас Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору
  • Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору

Жер-жерлерде өткөрүлүүчү жолугушуулар тууралуу толук маалыматка шилтеме: http://myktyaimak.gov.kg/events  

Версия для печати: print

Иш-чаралар