Муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелери Чүй облусунун ЖӨБ органдары менен талкууланды

Муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелери Чүй облусунун ЖӨБ органдары менен талкууланды

Талкууга эки күн аралыгында жалпысынан жүздөн ашык адам катышты.

2020-жылдын 17-18-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Чүй облусунун бардык айылдык жана шаардык ЖӨБ органдарынын башчыларынын катышуусунда эки күндүк семинар болуп өттү.

Семинар муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелерине (конкурстар, окутуулар, электрондук башкаруу) арналып, анын жүрүшүндө катышуучуларга муниципалдык кызматка өтүү үчүн конкурстук процедураларына киргизилген өзгөртүүлөр жана 2021-жылы өткөрүлө турган окутуулар тууралуу маалымат тартууланды.

ПРЕЗЕНТАЦИЯ

Мындан сырткары "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун жетекчиси муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу системасын өркүндөтүү темасы тууралуу айтып берди.

ПРЕЗЕНТАЦИЯ

Иш-чаранын экинчи бөлүгү жалпы талкууга арналып, анын жүрүшүдө катышуучулар конкурска киргизилген өзгөртүүлөр, алардын оң жана терс таасирлерин айтуу менен бирге, бул багытта натыйжалуу иш алып баруу кайсы себептер менен ийгиликтүү болбой жаткандыгы тууралуу өз көйгөйлөрүн жана пикирлерин айтышты.

Сокулук районунун Сокулук айылдык аймагынын АӨ башчысы Мирлан Жекшеновдун айтымында, бул сыяктуу сунуштар ушул сыяктуу иш-чараларда берилгени менен, эч кандай майнап чыкпай келе жатат: “Мисалы, АӨдөгү кенже адистикке тестирлөөнүн такыр кереги жок. Ал жакка ылайыктуу адисти тандап алуу мүмкүнчүлүгүн АӨ башчысына эле бериш керек. Бул процедура тесттин ордуна аңгемелешүү аркылуу эле бүтүрүлсө болот. Айыл өкмөттөрүндө айлап-жылдап толбой турган ваканттык орундар кайдан чыгып жатат? Бизде эле төрт жылдан бери 5 ваканттык орун бар. Билимдүү жаштар мындай аз айлыкка иштегиси келбейт, ал эми иштейин дегендер тесттен өтпөй же тажрыйбасы жетишсиз болуп жатат. Кандай айла кылабыз анда? Мындан сырткары, премия боюнча да маселе бар. Муниципалдык кызматкерлер өздөрү ансыз да аз айлыкка иштесе, анан премия эмнеге берилбейт? Бул маселени мыйзамдаштырыш керек”.

Бул пикирди башка АӨ башчылары да колдоп, аны менен катар мындай ваканттык кызмат орундарына болгон конкурстарды атаандаштык болгон жерде өткөрүш керек. Ал эми айылдарда аз айлыкка кадрлар барбай жатат. “Жадагаса коңшулаш айылдардан мугалимдерди чакырсак, алар да келишпейт. Анткени алар өз айылында алган айлыгы көбүрөөк. Дагы бир маселе – тесттердин татаалдандырылып жатышы. Мисалы, мурдагы жумада менин 4 кызматкерим келип силердин конкурстан өттү, бирок тесттен кулап калыптыр. Мен алардан кандай кыйынчылыктар болуп жатат деп сурасам, алар “Ал жерде бир эле суроодо 3 же 4 туура жообу болушу мүмкүн экен, жана алардын ичинен бирөө эле туура эмес болуп калса, тесттен өтпөйт экенбиз” деп жооп беришти. Сиздер балким илимий негизде улам жакшыртабыз деп аракет жасап атып, татаалдаштырып жатасыздар. Айылда мыкты, күчтүү кадрлардын бардыгы эбак эле шаарларга кетип калышкан. Мисалы, бизде 2017-жылы 4 вакансия бар эле, азыр 6 вакансия бар. Болгондо да жогорку кызматкерлердин кызматтары: жооптуу катчы, салык инспектору, социалдык кызмактерлер ж.б.у.с. Айылдагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизсеңер жакшы болмок. Бул жагдай чечилбесе, жакында өзүбүз эле калат окшойбуз. Азыр ансыз да 14 кызматкердин ордуна 6 эле кызиматкер иштеп, жетишпей жатат”, - деди Төмөнкү Чүй айылдык аймагынын АӨ башчысы.

Бул пикирлерге кошулуп, дагы бир топ сунуштар да айтылды:

  • Баалоо системасы кубатталды, анткени ал – иш стажына карата стимул болот.
  • Айлык акынын базалык ставкасын жогорулатуу керек.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу Мыйзамда муниципалдык кызматтын иштөө тартибинин өзгөчөлүгүн эске алуу керек.
  • Тестирлөө этаптарында упайларды кошуп, натыйжа катары жалпы суммасы каралса.
  • Конкурстун финалына бир эмес, жогорку упай топтогон эки талапкер чыгарылса.
  • Баалоо боюнча отчет берүү квартал сайын эмес, жарым жылда бир берилсе.
  • Тестте берилген жооптун бирөөнү эле туура кылып калтыруу.
  • ЖӨБ арасында тажрыйба алмашуу механизмин ишке ашыруу.
  • Жергиликтүү кеңештерге шайланып жаткан талапкерлерге сөзсүз түрдө жогорку билимге ээ болуусу шарт болуш керек.
  • Штаттык бирдикти чечүү мүмкүнчүлүгү АӨгө берилсин.
  • Конкурстан финалга чыккан эң жогорку упай топтогон 3 талапкердин бирөө жарыяланган ваканттык орунга дайындалса, калган экөө да райондук деңгээлде түзүлгөн маалымат базасындагы коңшулаш айыл өкмөттөргө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун.

Сокулук районунун Фрунзе АӨ башчысы: “Айыл өкмөттөрдөгү ваканттык орундардын болуп жаткандыгынын себеби – жаш, билимдүү кадрлар келбей жатат. Келсе да, бир аз иш стажын топтоп алып, айлыгы көбүрөөк жакка кетип калып жатышат”, - деген пикирин билдирди.

Москва районуна караштуу Петровка айылдык аймагынын АӨ башчысы Астаров Данияр жергиликтүү өз алдынча башкаруу качан чындап өз алдынча боло тургандыгы тууралуу мындай пикирин айтты: “Жыл сайын бир АӨдө 3төн ваканттык орун болсо, бул сан өлкө боюнча 1200дү түзөт. Менин сунушум – штаттык бирдикти түзүү АӨгө берилсин. Мисалы, бүгүнкү күндө сатып алуу жөнүндө мыйзамы ишке киргизилди. Бирок адис берилген жок; бузуулар жөнүндө кодекс ишке киргизилди, бирок кайра эле адис берилген жок. Үч жылдан бери санариптештирүү, региондорду өнүктүрүү дейбиз, бирок бизде штаттык бирдикте IT адиси жок. Мындан сырткары, биз ваканттык орунга адис ала албай жатып, ага шарт коюп жатабыз. Бул – жеке сектор эмес да тандоо эркиндиги болгондой. Штаттык бирдик эркиндиги бизге берилсе, биз аны баалап, аныктап, ошол адиске заказ бермекпиз. ӨСИ, ЖӨБ Союзу менен келишим түзүп, ошол адистерибиздин сабаттуулугун жогорулатмакпыз, ошол уюмдар аркылуу окутмакпыз бюджеттен карап туруп. Мисалы, бүгүн мал миграциясы актуалдуу маселе болуп жатат, бирок кимиңиздерде ветеринардын штаттык бирдик бар? Эч кимде жок. Жоопкерчилик көп, бирок иштей турган адис жок”.

“Азыр мамлекеттик сатып алуулар боюнча абдан чоң көйгөй бар. Мисалы, бүгүн сел каптаса, АӨ ага карата чараларды көрүү аракеттерин мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу гана жүргүзө алат мыйзам чегинде. Бирок ага убакыт жок да! Жергиликтүү калк мыйзам талап кылган эң азы 2 күн тууралуу билбейт жана билгиси да келбейт! Алардын бир көйгөйү – селден жабыр тартса, ага жардам берилиши керек. Ал эми биз, АӨ, эмне кыла алабыз? Биз мамсатып алуулар порталына жайгаштырылган жарыяга катышуучулар табылса сүйүнөбүз! Ал аралыкта убакыт өтүп жатат. 2017-жылы бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан 1 миллион сомго чейин түз сатып алуу аркылуу жүргүзүлсө болот деп чечип, бирок ошол эле убакта аны 21-беренеге байлап койгон (эң азы 2 күнгө жайгаштырылсын деген). А биз чара көрүшүбүз керек да!”, - деди дагы бир АӨ башчысы.

Мамлекеттик сатып алууларга байланышкан суроолорго ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Бектурган Орозбаев жооп берип жатып, бул өңдүү маселелердин үстүнөн бирдиктүү, мыйзам чегинде иш алып баруу гана туура экендигин баса белгиледи.  

Муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу системасын өркүндөтүү боюнча маалымат тартууланган соң, Кызыл-Туу айылдык аймагынын АӨ башчысы бул багыттагы иш аракеттер КР ЖӨБ Союзу тарабынан ишке ашырылса туура болоору тууралуу айтты: “Бизде мыйзамдар жакшы иштебей жатат жана бул көйгөй бүгүн эле чыга калган жок да. Бирок биз ЖӨБ Союзу аркылуу өз үнүбүздү жеткире алабыз. Анткени кандай гана милдет жүктөлбөсүн, аны аткаруу бизге келип такалат да, анын жыйынтыгында биз бардыгы үчүн жооптуу болуп калабыз. Ошондуктан биз кайсы гана багытта болбосун, өз билимибизди жакшыртып турушубуз керек. Бизге реформалар да керек. Ар бирибиз жекеме-жеке бул көйгөйлөрдү чече албайбыз. Өзгөчө ведомстволук окутууларды жүргүзүү боюнча. Кайсы айыл өкмөтүнүн дарамети жетет өз кызматкерлерин өзүнүн жергиликтүү бюджетинен окутканга? Биз биригип, ЖӨБ Союзу аркылуу окутсак болот. Бул биз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк”.

Катышуучулардын суроолоруна иш-чарага катышып жаткан МКК директорунун орун басары Олег Тарбинский, ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Бектурган Орозбаев, Долбоор жетекчиси Бекболот Бекиев жооп беришти.

“Сиздер айтып жаткан көйгөйлөр, сунуштар жана сын пикирлер албетте толугу менен каралып, талданып чыгат жана ЖӨБ чөйрөсүнө байланыштуу кандай гана мыйзам долбоору даярдалып кароого киргизилбесин, алар эске алынат. Мындан сырткары ал процессте сөзсүз түрдө ЖӨБ Союзунун макулду алынат. Бул – биздин жетишкен ийгилигибиз. Мындан сырткары – өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча маселелерди улуттук (өкмөттүн, министрликтердин) деңгээлде чечүүгө аракет жасап жатабыз. Мисалы, кечээ эле Финансы министрлиги менен жолугуп, анда сиздерге тиешелүү болгон капсалымдар, стимгранттар, бюджеттер аралык мамилелер, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин адилеттүү бөлүнүшү, дотация тууралуу маселелерди көтөрдүк. Акыркы пункт – абдан маанилүү. Анткени мамлекеттин жалпы бюджетинен ЖӨБгө каралган жалпы суммадан Ош жана Бишкек шаарларын, сиздердин трансферттерди алып койсок, сиздердин үлүшүңүздөр 5 пайызды гана түзүп жатат. Ал эми эл аралык тажрыйбада бул көрсөткүч 20-25 пайыздан кем эмес. Албетте биздин 5 пайыз менен биз региондорду эч качан өнүктүрө албайбыз. Ошондуктан биз сиздерден сунуштарды күтөбүз”, - деди Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Иш-чаранын уюштуруучулары:

- КР Мамлекеттик кадр кызматы (#МКК),

- КР ЖӨБ Союзу,

- Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (#SDC) аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (#ӨСИ) аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоору.

 

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар