• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Швейцариялык Бюро Кыргызстандагы эки элеттик муниципалитетке таштанды чыгаруу үчүн техника алууга...

Швейцариялык Бюро Кыргызстандагы эки элеттик муниципалитетке таштанды чыгаруу үчүн техника алууга жардам берди

2.2 млн. сомго чукул бааланган техника (90% - грант, 10% - жергиликтүү бюджеттен) калкка көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтарды жакшыртуу максатында берилди.

Бүгүн, 2012-жылдын 25-сентябрында, Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюро Ысык-Ата районунун Ивановка жана Сузак районунун Ленин айылдык аймактарына Беларус 82.1 (МТЗ-82) үлгүсүндөгү тракторду жана экскаваторду салтанаттуу түрдө өткөрүп берди.

2.2 млн. сомго чукул бааланган техника (90% - грант, 10% - жергиликтүү бюджеттен) калкка көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтарды жакшыртуу максатында берилди. Бул жардам Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында тапшырылды.  

“Акыркы бир нече айдын аралыгында ЖӨБ органдары жамааттар менен биргелешип элет тургундарынын керектөөлөрүн аныкташып, өтө көйгөйлүү болгон жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышты. Андан соң долбоорлор кеңири коомдук талкуудан өтүп, жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен жергиликтүү бюджеттерге жамааттардын керектөөлөрүн чагылдырган өзгөртүүлөр киргизилди, - дейт Кыргыз Республикасында жана Өзбекстанда Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюронун регионалдык директору Лоран Ги мырза. - Эң маанилүүсү, донор эмес, муниципалитеттердин өздөрү керектөөлөрдү аныктап, жардам каражатын чыгымдоо тууралуу чечим кабыл алган мына ушундай процедуралар ЖӨБ органдарынын практикасына аралаша баштады”.

“Адатта донорлор техниканы жана жабдууну түздөн түз сатып алып, жамааттарга даяр белек тартуулашат. Муниципалитеттерге жөн гана ресурстарды берип коюу жетишсиз, аларды өз алдынча колдонууга да үйрөтүш керек: керектөө аныкталган учурдан тартып, сатып алуу ишке ашырылганга чейин жана анын бардыгын мыйзамдарга ылайык жасоо керек экендигин, - дейт Бекболот Бекиев, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси. - Азыркы учурда гранттык каражаттар элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү бюджеттерине которулган. КР Каржы министрлигинде окуудан өтүп, ЖӨБ кызматкерлери тендер өткөрүп, сатып алууларды өз алдынча жүргүзүшкөн”.

Бул жардам жарандардын бюджет тууралуу маалыматка болгон укугун бекемдөөгө жана аларды бюджеттин сарпталышы тууралуу талкууга тартууга жардам берген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Ошону менен бирге, долбоор, инвестициялык фонд аркылуу, жергиликтүү башкаруу органдары муниципалдык кызматтар менен сапаттуу тейлөөсүнө көмөктөшүүчү ресурстарды камсыздайт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2011-2020-жылдардын аралыгында Швейцария Өкмөтү тарабынан 5,8 млн. швейц.франк өлчөмүндө бөлүнүп берилмекчи. 
 

Версия для печати: print

Иш-чаралар