• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү маселелер боюнча аймактык жолугушуулар өткөрүлөт

Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү маселелер боюнча аймактык жолугушуулар өткөрүлөт

Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү маселелер боюнча аймактык жолугушуулар өткөрүлөт

Жолугушуулар 2021-жылдын 27-майынан 12-июнуна чейинки аралыкта өткөрүлөт.

2021-жылдын 27-майынан 12-июнуна чейинки аралыкта Кыргызстандын бардык  облусунда дем берүүчү гранттар, бюджеттер аралык мамилелер жана коомдук бюджеттик угуулар маселелерин талкуулоо боюнча аймактык жолугушуулар өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Союзу, Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга "Дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду даярдоонун, кабыл алуунун, тандоонун автоматташтырылган тутуму", "КРдеги бюджеттер аралык мамилелер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо", "Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү маселелери жана угуунун графигин түзүү, лидерлерди шайлоо", “2022-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу" сынагы, "КР ЖӨБ Союзунун ишмердиги жана ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар Порталы" өңдүү темалар тартууланат.

Регионалдык жолугушуулардын катышуучулары – айылдык аймактардын жана шаарлардын ЖӨБ органдарынын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн башчылары жана ЭФМдин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери.

Иш-чаралардын маалымат аянтчасы - КР ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар Порталы www.myktyaimak.gov.kg 

Жолугушуулардын графиги менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Версия для печати: print

Иш-чаралар