Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги бир катар документтерди бекитти

Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги бир катар документтерди бекитти

Буйрукка 2021-жылдын 1-июнь күнү Агенттиктин директору кол койду.

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигин 2021-жылдын 1-июнундагы №01-18/36 Буйругу менен Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын типтүү иш пландарын даярдоо боюнча Усулдук колдонмо, Айылдык кеңештин типтүү иш планы, Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын типтүү иш планы бекитилди.

Аталган иш кагаздары Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу жана Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө даярдалган.

Усулдук колдонмодо айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын өз карамагына кирген маселелерди кароодо, ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү боюнча жана КР мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын өз убагында, сапаттуу аткаруу боюнча ишмердигин эффективдүү пландаштыруу боюнча жалпы сунуштамалар каралган.

Аталган документтер менен таанышуу же аларды жүктөп алуу үчүн “Мыйзам чыгаруучулук” бөлүмүнө өтүңүз.

Версия для печати: print

Иш-чаралар