Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Кыргызстанда “БУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” аттуу плакаттардын сынагы жарыяланды.

2021-жылдын 1-ноябрында «БУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу [1]» аттуу плакаттар конкурсу старт алды. Сынак Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан уюштурулууда. Жалпы байге фонду 130 миң сомду түзөт. Сынактын негизги маалыматтык платформасы: ЖӨБдүн мыкты тажрыйбаларынын порталы (www.myktyaimak.gov.kg)  

Сынактын максаты – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон укуктарын визуалдык образдар жана көркөм чечмелөө аркылуу түшүнүүнү кеңейтүү.

2021-жылдын 29-октябрынан 12-ноябрына чейин Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларында сынактын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жана плакаттарды даярдоонун усулдары боюнча багыт берүүчү семинарлар өткөрүлдү. 

Плакаттар сынагынын координатору Жылдыз Керимованын айтымында, сынактын темасы жарандардын жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана анын аткарылыш процессине катышуусуна, бардыгы үчүн жергиликтүү өнүгүүгө, анын ичинде аялдарга, жаштарга, кары-картаңдарга, мигранттарга, азчылыктарга жана жамааттын башка мүчөлөрү, ошондой эле жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан. 

Сынактын консультанттары Наталья Андрианова менен Гамал Бөкөнбаев өз кезегинде плакат жазуу тарыхы менен тааныштырып, плакаттар аркылуу негизги маанини жана көйгөйлөрдү жеткирүү тууралуу кеп-кеңештерин беришти.

Семинарларга сүрөтчүлөр, жергиликтүү активисттер, искусство окуу жайларынын студенттери, ошондой эле плакаттарды даярдоого кызыккан шаар тургундары катышты.

Кыргызстандын беш шаарында өткөрүлгөн бул семинарларга катышкандардын жалпы саны 156 катышуучу болсо, анын ичинен 99у аялдарды түздү.

_______________

[1] Сынактын жобосу төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/full/141.html 

Версия для печати: print

Иш-чаралар