ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталына жаңы мисалдар даярдалат

ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталына жаңы мисалдар даярдалат

Нарын жана Ат-Башы райондорунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары үчүн атайын окутуу өткөрүлдү.

Бүгүн Нарын шаарында Нарын жана Ат-Башы райондорунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары үчүн практикалык тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын маалымат өнөктүгүн өткөрүү жана ЖӨБ мыкты тажрыйбаларынын мисалдарын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте аныктоо жана жазуу болду.  

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга Порталга катталуу жана верификация процессинен өтүү, “Муниципалитет” журналы, мыкты тажрыйбанын формасын толтуруу эрежелери жана процедуралары (демонстрация), анын ичинде тажрыйба мисалын ишке ашыруу процессин жана натыйжасын тастыктоочу документтер; фотосүрөттөр; YouTube каналына ж.б. жарыяланган видеороликтер, мыкты тажрыйбаны Порталдын “Мыкты тажрыйба” бөлүмүнө өз алдынча жайгаштыруу, Порталдын түзүмү тууралуу маалымат берилди.

Тренингдин натыйжасында ар бир катышуучу өз аймагында ишке ашырылган тажрыйбанын бирден мисалынын негизинде мыкты тажрыйбасынын долбоорун даярдашты. Алар өз айыл өкмөттөрүнө кайтып барган соң, мисалдарды толуктап жазып, андан соң  Порталга тиешелүү сүрөттөр жана тастыктоочу кагаздар менен бирге жайгаштырышат.

Тренинг Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан уюштурулду.

Ушул эле темадагы тренинг 23-ноябрда Талас облусунун Талас, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн ооптуу катчылары үчүн өткөрүлөт.

Версия для печати: print

Иш-чаралар