• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Талас облусунун айрым муниципалитеттеринин айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына окуу болуп өттү

Талас облусунун айрым муниципалитеттеринин айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына окуу болуп өттү

Талас облусунун айрым муниципалитеттеринин айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына окуу болуп өттү

Тренинг ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбасынын мисалдарын аныктоо, даярдоо жана жазуу боюнча көндүмдөрдү жана жаңы билимдерди жайылтууга арналды.

2021-жылдын 23-ноябрында Талас шаарында Талас облусунун Талас, Кара-Буурин жана Бакай-Ата райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына жана Талас шаардык мэриясынын өкүлдөрүнө окуу болуп өттү.

Тренингди Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасынын порталы тарабынан уюштурулду.

Тренингдин негизги максаты Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) мыкты тажрыйбасынын мисалдарын аныктоо, даярдоо жана жазуу боюнча көндүмдөрдү жана жаңы билимдерди жайылтуу болду. Жазылган мисалдар Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбасынын порталына жайгаштырылат.

«Тренингдин дээрлик бардыгы практикалык ишке арналды – Порталдын түзүмү, Порталда катталуу / текшерүүдөн өтүү процесси, жана «Муниципалитет» журналы тууралуу маалымат тартууланган соң, катышуучуларга мыкты тажрыйба мисалынын формасын толтуруу эрежелери жана жол-жоболору, анын ичинде ишке ашырылган тажрыйбанын процессин жана натыйжаларын тастыктаган сканерленген документтерди; фото жана видеоматериалдарды даярдоо, YouTube каналына видеолорду жайгаштыруу ж.б. көрсөтүлдү, - деди Элина Саккараева, тренер, Долбоордун мыкты тажрыйбалар боюнча адиси. 

Тренингдин жыйынтыгы боюнча 15 муниципалитеттин мыкты тажрыйбасынын үлгүсү менен алдын ала версиялар даярдалды; мында ары алар менен иштер улантылат.

Ушундай эле тренинг 18-ноябрда Нарын шаарында өткөрүлгөн.

Версия для печати: print

Иш-чаралар