Жалал-Абад облусунун Сакалды айылдык аймагы артыкчылыктуу долбоорду тандап алды

Жалал-Абад облусунун Сакалды айылдык аймагы артыкчылыктуу долбоорду тандап алды

Долбоорду тандоо атайын уюштурулган айылдык жыйындын жүрүшүндө аныкталды.

2013-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Сакалды айылдык аймагында айылдык жыйын болуп өттү. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун кичи гранттар Программасынын алкагында артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча өткөрүлдү. 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айылдык аймагы 8 айылдан туруп, анын аймагында 16 миң калк жашайт. Аталган аймакта анын чек арага жакын жайгашкандыгына байланыштуу, өзүнө ар дайым көңүл буруп турууну жана чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелери бар. Мындан бир нече убакыт мурун Сакалды айыл өкмөтү тарабынан аймактагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана алардын ичинен эң маанилүүсүн тандоого арналган атайын иш-чара болуп өткөрүлгөн, жана анын жыйынтыгы боюнча айылдык аймакка жана анын тургундарына маанилүү деп эсептелген 3 көйгөй тандалып алынган. Ал көйгөйлөрдү чечүү максатында Демилгечи топтор түзүлүп, алардын мүчөлөрү атайын долбоорлорду иштеп чыгышкан. 

Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө иштелип чыккан 3 долбоор жыйындын катышуучуларына тартууланып, алардын ичинен "Таза арыктар - коомчулуктун коопсуздугу" деген аталыштагы долбоор тандалып алынды. Бул долбоорго 53 адамдын 36сы өз добушун берди; калган 17 добуш клубду материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча долбоорго берилди.   

Версия для печати: print

Иш-чаралар