Балдардын саламаттыгы – башкы артыкчылык

Балдардын саламаттыгы – башкы артыкчылык

"М.Жамгырканов атындагы орто мектептин жылуулук системасын алмаштыруу жана мектеп дубалдарын жана оңдоп-түзөө" долбооруна 54 добуш берилди.

Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча айыл жыйынын 26-мартта Бел-Алды айылдык аймагында да 82 адамдын катышуусу менен болуп өттү.

Катышуучуларга 4 долбоор тартууланып алардын бардыгы тең аймактын актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган. Долбоорлор менен таанышкан соң катышуучулар артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу үчүн өз добуштарын беришти. Эсептөөнүн натыйжасында добуштар төмөндөгүдөй берилгендиги аныкталды:

“М.Жамгырканов атындагы орто мектептин жылуулук системасын алмаштыруу жана мектеп дубалдарын жана оңдоп-түзөө” долбооруна 54 добуш жана “Коргон айылындагы таза суу” долбооруна 28 добуш берилди. Ал эми “Бел-Алды жана Сары-Сөгөт айылдарында спорт залы” долбоору колдоо тапкан жок.

Добуштардын мындай бөлүштүрүлгөндүгүнүн себеби көпчүлүк тургундардын пикири боюнча спорт залынын жоктугу да чечилүүн талап кылган маанилүү суроо, бирок бирок ошол эле учурда мектептин жылуулук системасына байланыштуу чечилбей келген көйгөйлөрү алда канча маанилүү. Ошол менен бирге таза суу көйгөйү да тез аранын ичинде чечилүүчү маселел болуп кала берүүдө. Ошол себептен катышуучулардын пикири боюнча аталган долбоорлордун чинен маанилүүлөрүн тандоо керек болучу. Бирок Демилгечи топтордун айтуусу боюнча спорт залына байланышкан маселел да маанилүү. Ошол себептен алар бул долбоор менен башка да донордук уюмдарга кайрылышмакчы.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар