Балдарга бала бакча керек

Балдарга бала бакча керек

Бала бакча ачууга багытталган добоор 64 добушка ээ болду.

Жалал-Абад облусуна караштуу Бешик-Жон айылдык аймагында аймакка эң маанилүү жана артыкчылыктуу болгон долбоорду тандап алуу боюнча айылдык жыйын болуп өттү. Муниципалитеттин жашоочуларынын назарына 3 долбоордук сунуш тартууланды. Демилгечи топтордун мүчөлөрү өз презентацияларында сүрөттөлгөн көйгөйлөйр, алардын тарыхы, чечүү жолдору жана зарыл болгон иш аракеттер менен долбоордун түз жана кыйыр бенефициарлары тууралуу айтып беришти.

Презентациялар бүткөн соң Бешик-Жон айылынын тургундары өз добуштарын төмөндөгүдөй беришти:

“Балдар – биздин келечегибиз, жана аларга бала бакча керек” деген аталыштагы долбоорго 64 добуш берилди. Аталган долбоор мектепке даярдоочу кошумча эки класстары бар бала бакча ачууга багытталган.

“Бешик-Жондун тургундарынын саламаттыгы” деп аталган долбоор клиникалык лабораториясы бар УЗИ ачууга багытталган жана ал 11 добушка ээ болду.

Беш добушка ээ болгон “Суу – өмүрдүн булагы” деген аталыштагы долбоор суу заборун курууга жана жергиликтүү калкты таза суу менен тынымсыз камсыздоо үчүн колонкаларды оңдоп-түзөө иштерин аткарууга багытталган.

Версия для печати: print

Иш-чаралар